Россия жиберген меджабдуу, дары-дармек тапшырылды. Видео

Жазылуу
Коронавирус менен күрөшүүгө көмөк көрсөтүү максатында Россия Кыргызстанга жөнөткөн медициналык жабдуулар менен дары-дармектер келди. Гумжардамды тапшыруу аземи Саламаттык сактоо министрлигинин имаратынын алдында өтүүдө.

Иш-чарага вице-премьер Аида Исмаилова, саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев жана Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко катышууда.

Эске салсак, кечээ Бишкекке Россиянын гуманитардык жардам жүктөгөн учагы конгон. Өлкөгө рентген аппараттары, интенсивдүү терапия үчүн мониторлор, өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппараттар акысыз берилген.

Элчи: Россия Кыргызстанга пандемияда 2 млн долларлык кайтарымсыз жардам көрсөттү

Бул Россиянын Кыргызстанга көрсөткөн биринчи жардамы эмес. Буга чейин россиялык дарыгерлерден турган эки топ келип, дары-дармек, медициналык жабдуулар да берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0