Кемелер парады. Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Видео

253
(жаңыланган 00:22 28.07.2020)
Россияда Аскер-деңиз флотунун күнүн белгилешти. Майрамдык парад 26-июлда бүткүл өлкө боюнча – Камчаткадан Балтика деңизине чейин өттү.

Майрамды белгилөөнү адаттагыдай эле Петропавловск-Камчатск жана Владивостоктон башташты. Анда Тынч океан флотунун кемелери менен аскерлери катышты. Башкы парад салт болуп калгандай эле Санкт-Петербургда өтүп, ал жерден Владимир Путин жалпы өлкөгө кайрылып, куттуктоосун жолдоду.

Фин булуңу менен 46 кеме, катер каз катар тизилип өттү. Алардын арасында реконструкцияланган "Полтава" кемеси бар эле. Андан соң параддын абадагы бөлүгү башталды. Түндүк борбордун асманынан 40ка чукул авиатехниканы көрүүгө болот эле. Ал эми Су-25 көк асманга Россиянын желегинин сүрөтүн тартып учту.

Путин Керчте десанттык кемелердин курулушун баштап берди. Видео

Параддар Севастополь, Балтийск жана бир катар шаарларда болду. Андан сырткары, тарыхта биринчи ирет деңиз парады бул күндүн урматына Дагестанда – Каспийск флотилиясы жайгашкан Каспийск калаасында өттү. Кесиптик майрамын россиялык аскерлер Сирияда да белгилеп, Тартус портунда уюштурушту. Кишини кайдыгер калтырбаган видеону – Аскер-деңиз флотунун майрамын биздин видеодон көрө аласыз.

253
Белгилер:
учак, кеме, майрам, аскер-деңиз флоту, Владимир Путин, Россия
Тема боюнча
Россиянын жаңы флоту: бир күндө дароо алты кеменин курулушу башталат

Жыгылып баратып тепти. Австралиялык футболчунун гол киргизген видеосу

19
Германия чемпионатынын 32-турунун алкагында "Айнтрахт" өз үйүндө "Майнц" клубун кабыл алган. Беттеш 1:1 тең эсеп менен аяктаган.

Германия чемпионатындагы "Айнтрахт" клубунун оюнчусу Айдин Хрустич жыгылып жаткан жеринен тээп гол киргизди. Кызыктуу учур Бундеслиганын Youtube каналына жарыяланды.

Чемпионаттын 32-турунун алкагында "Айнтрахт" өз үйүндө "Майнц" клубун кабыл алган. Коноктор биринчи бөлүктө эле эсепти ачып, алдыга чыккан. Талаа ээлери беттештин акыркы мүнөттөрүндө эсепти теңеди.

Австралиялык футболчу капталдан чыгарылган топту дарбазаны көздөй тээп, ошол учурда атаандаштын бутуна чалынып жерге кулаган. Топ коргоочуга тийип, кайра өзүнө келген. Жерде кулап жатканына карабай Хрустич топту сол буттап дарбазага багыттаган. Топ асманга көкөлөгөн бойдон голго айланган. Дарбазачы бийик секирип, тосууга аракет кылганына карабай аны тосо алган эмес.

"Майнтс" Бундеслигада калуу аракетинде болсо, "Айнтрахт" Европа кубокторуна ойноо мүмкүнчүлүгүн алууга умтулган.

19
Белгилер:
видео, гол, футбол
Тема боюнча
Футболчу Кайраттын "Каганатка" киргизген голу мыкты деп аныкталды. Видео

Олжосун аңдып, кызганып. Бактын башындагы үч кабыландын сейрек видеосу

31
Кабыландын кармап алган олжосун бактын башына алып чыгып кеткенин көргөн эки тукумдашы артынан калбай, ал тургай кызганып, бири-бири менен чапчышып кеткен көрүнүшкө күбө болуу ар бир туристти кызыктырса керек.

"National Geographic Россия" сайты жакында Африкадагы Масаи-Мара коругунда жүргөндөр сейрек көрүнүшкө күбө болуп, аны видеого тартып алганын жазды.

Башка жырткычтарга караганда кабыландар бакка оңой чыгып кетишет. Көп учурда тапкан тамагын гиена жана тарп аңдыган башка майда жаныбарлардан алысыраак деп дарактын башына катат.

Туристтердин бул видеосунан антилопабы, айтор, таап келген олжосун бактын башына чыгарып, аны ыңгайлуу отуруп жей албай жаткан кабыланды, кызыгы, анын тамагын талашкан дагы эки "тууганын" көрүүгө болот.

Жыт алып дароо чыгып барган экинчи кабылан үчүнчүсүнөн антилопаны кызганып, аны менен ырылдашып, бутакта туруп чапчышып кеткенин туристтер тартып алган. Бирок бул таймашта экөө бири-бирин бактан кууп түшө албай койгон. Акыры айласы кеткен жырткычтар калың бутактан орун алып, чоочун бирөөнүн тамагына көз арткан тейде отурганы менен видео аяктаган.

Жакында эле дал ушуга окшош видео тараган. Андан дарактын башындагы өз тамагын бергиси келбей ургаачы арстан менен кармашкан кабыландын окуясын көрүүгө болот.

31
Белгилер:
турист, антилопа, парк, жаратылыш, кабылан, Африка
Тема боюнча
Баласын коргоп арстанды айланта, кабыланды каардана кууган буйволдун видеосу
Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко. Архив

Айбат көрсөтүп... Антонина Шевченко менен Андреа Линин көз караштар таймашынан видео

0
(жаңыланган 11:30 15.05.2021)
Кыз-келиндердин жеңил салмактагы рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко ("Пантера" каймана атын алган) кезектеги беттеш алдында атаандашы Андреа Ли (КГБ каймана аты менен таанымал) менен көз караштар таймашына чыкты. Атлет кыздардын бири-бирине айбат көрсөтүп, жүз карашкан видеосун UFC Russia уюму өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от UFC Russia (@ufcrussia)

Посттогу видеого “UFC 262 мелдешинде “Пантера менен КГБ беттеши” деген билдирүү калтырган.

Антонинанын бир тууган сиңдиси, UFC уюмунун кыз-келиндер дивизионунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко постко англис тилинде “Let’s go @antoninapantera!” деген комментарий жазды.

Кыз-келиндердин жеңил салмактагы (57 килограмм) рейтингинде Антонина Шевченко 12-катарда болсо, атаандашы Андреа Ли 11-сапта турат.

Кыргызстандык мушкер кыз муну менен промоушендеги алтынчы беттешине чыгат. Акыркы жолу былтыр ноябрда UFC 255 турниринде бразилиялык Адриана Липскини экинчи раундда техникалык нокаут менен жеңип алган. Мыкты, кызыктуу беттеш көрсөткөнү үчүн UFC уюму ага 50 миң доллар бонус берген.

Анын атаандашы Андреа Ли кикбоксинг спортунун чебери болгон. Кийин ММА спортуна өтүп, 2018-жылдан бери UFC уюмунун мелдештерине чыгып келет. Аралаш мушташ спортунда ал жалпысынан алты беттеш өткөрүп, акыркы үчөөндө жеңилүү ызасын тарткан.

Кармаш 16-майдын таңында (Бишкек убактысы боюнча) АКШнын Хьюстон шаарында UFC 262 мелдешинин алкагында өтөт.

0
Белгилер:
Андреа Ли, беттешүү, UFC, Антонина Шевченко
Тема боюнча
Үч жашар Валентина менен жети жаштагы Антонина. Мушкерлердин сейрек сүрөтү
UFC Антонина Шевченко менен Андреа Линин беттешинин расмий постерин чыгарды