Баласын баары бир өлтүрүп кетишти. Мухиттеги киттердин кармашы. Видео

Жазылуу
Ачык деңизде балалуу кит менен косаткалардын кармашы бир караганда эмне менен бүткөнү белгисиздей элес калтырат. Бирок окуя башкача аяктаган...

Жырткыч жаныбарлардын чабуулу жана агрессиясын RTE News өзүнүн YouTube каналына жарыялаган.

Жырткыч суу жаныбарларынын балалуу киттин артынан түшкөн окуясы 24-июлда Австралиянын түндүк-батыш жагындагы Нингалу аймагында болгонун The Daily Mail жазды.

Бул кармашты дрон менен видеого балыкчы Шейн Стивен жана анын досу тартып алган. Окуяга күбө болгондордун айтымында, алар эки сааттай алышкан.

Кит сууга түшүп кеткен iPhone смартфонун ээсине кайтарып берди. Видео

"Бүгүн косаткалардын тобу биздин кайыктын алдынан сүзүп өткөн. Көрсө, алар киттин баласына ууга чыккан экен", — деп жазган Стивен Instagram аккаунтуна.

Кадрдан косаткалар кол салганда кит баласын жандай сүзүп, коргогонго аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Эки жырткыч эне китти алаксытып турганда, үчүнчүсү эки жумалык коргоосуз кичинекей жаныбарга тап койгон. Эне кит канчалык каршылык кылып, сууну куйруктары менен чаап коргогонго далбастаганы менен баласын сактай албай калган.

Буга чейинки маалыматтарда косаткалар бала киттерди толугу менен эмес, болгону астыңкы жаагынын этин жана тилин жей турганы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0