Сириядагы чыр: АКШ Россиянын "колу канган малынганын" айтты

Жазылуу
Вашингтон Сириядагы абалга Россия менен Иранды күнөөлөдү. АКШнын БУУдагы туруктуу өкүлү Келли Крафт америкалыктар сириялыктарга жардам берүү үчүн миллиарддаган акча коротуп жатканын, ал эми Россия менен Ирандын "колу канга малынганын" айтты.

Мунусу менен Россиянын аталган уюмдагы туруктуу өкүлү Василий Небензяга жооп берди. Себеби ал АКШ сириялык мунай кендерин пайдаланып жаткандыгын айткан эле. Сириядагы нефтинин мыйзамсыз сатылып жатканы тууралуу маселени Россия бир нече ирет көтөргөн.

Ага Москва да, Тегеран да бир топ далилдерди келтирген. Анын чоо-жайын биздин видеодон көрө аласыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0