Ага ылайык, 6-августта Финполдун кызматкерлери тергөө сотунун буйругуна ылайык, криптовалюта чыгарат деп жабдылган ферманын кампасын тинтишкен.
"Имараттын ичинде электр энергиясы жана интернет түйүндөрүнө туташтырылып иштеп жаткан майнинг-системалар табылган", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта Финполдун кызматкерлери мыйзамсыз ишке катыштыгы бар делген ишкана жетекчилерин жана аткаминерлердин тобун аныктап жатканы кошумчаланды.
Балкондун кармагычына колун созгон бөбөктү жанында отурган мышык кадимкидей тыйып, кадам сайын "тартипке чакырып" жатканын көрүүгө болот.
Тили чыга элек бала балкондун кармагычына колун созуп, асылгысы келип, бирок ага жанында периште сымал кайтарып отурган мышык "жол бербей" жатканы четте турган кишинин ичин жылытат. Агала мышык "максатына жетүүгө тоскоол болгонун" түшүнгөн сымал, бөбөктүн бөлмөнүн башка тарабына кетип бара жаткан учуру менен видео аяктаган.
Маалыматка ылайык, Финполго жеке ишкер кайрылып, аталган бекетте иштегендер кызмат абалынан пайдаланып бажы көзөмөлүнөн тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системдүү түрдө акча берип туруусун талап кылганын айткан. Мындан улам ал бажычыларга чара колдонууну суранган.
"Кечээ, 26-январда, ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында "Кызыл-Бел" бажы бекетинин нөөмөт башчысы М.Т. Кызыл-Кыя шаарында пара алып жаткан жеринен кармалды. Мындан тышкары, анын автоунаасын тинткенде 100 миң сом (чет өлкөнүн валютасы дагы бар) чыккан. Шектүү каражатты кайдан алганын айтып бере алган эмес", — деп айтылат маалыматта.
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренеси ("Пара талап кылуу") менен катталган.
БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун инаугурациясына чакырылган коноктордун баарынын коронавируска тапшырган тести таза чыкты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Нургазы Анаркулов билдирди.
Иш-чара санитардык-эпидемиологиялык талаптарга ылайык уюштурулуп, коноктордун баары коронавирус инфекциясына ПЦР-анализ тапшырышкан.
Садыр Жапаровдун инаугурациясы эртең, 28-январда, саат 11:00дө Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда өтөт.