Гигиенаны сактаган чычкан элди күлкүгө салды. Видео

Жазылуу
Жамгыр алдында жуунуп жаткан чычкан социалдык тармактын колдонуучуларын жылмайтты. Жагымдуу ролик Вьетнамда тартылган.

Күбөнүн видеосу ViralHog YouTube каналына жүктөлгөн. Кадрдан көрүнүп тургандай, чычкан бутка туруп алып кадимкидей жаандын суусуна жуунуп жатат.

Индияда ээси менен обон созгон ит интернетти жарды. Видео

Видеонун авторунун айтымында, бул окуя 6-августта Хошимин көчөсүндө болгон. Суу алдындагы кемирүүчү жандыкты ал кафенин жанынан көргөн.

"Досторубуз менен көчөдөгү кафеде отурганбыз. Бир маалда чычкандын бул жоругун байкап калып чөнтөк телефондун камерасына тартып алгам", — деди видеонун автору.

Вьетнамдагы соцтармак колдонуучулары аны "эң таза чычкан" деп атап коюшкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0