Ажалы жок экен. Буйволдор каманды арстандардын азуусунан алып калган видео

6029
(жаңыланган 09:05 12.08.2020)
Жапайы жаныбарлар арасында жырткычтык эле эмес, адам баласына өрнөк боло турган учурлар арбын кездешет.

Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш коругунда туристтер жаалданган арстандардан камандын кантип аман калгандыгына күбө болушту.

Видео Kruger National Park Videos деп аталган каналга жайгаштырылган.

Үчөөлөп кетти! Буйвол менен арстандардын айыгышкан кармашынын видеосу

Видеодон алты-жети арстан каманды качырып сала берип, андан кийин чаңга аралаштырып басып калгандыгын көрүүгө болот. Эгерде ага капысынан буйволдор жардамга келбегенде, тирүү калбасы бышык эле. Чаңы асманга сапырылып калган кармашка буйволдор үйүрү менен чуркап келгенин кадрдан байкоого болот. Ача туяктууларды көргөн жырткычтар четке чыга берген.

Маалыматта камандын кийинки тагдыры эмне болгону жазылган эмес. Антсе да бул жаныбарлардын башка корукташынын өмүрүн сактап калышы интернет колдонуучулардын суктануусун жараткан. Алар видеонун алдына бир топ пикирлерин калтырган.

6029
Белгилер:
турист, видео, корук, арстан, каман, буйвол
Тема боюнча
Өлүмүш болуп арстандардын азуусунан кутулган иттин видеосу

Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери видео куттуктоо

10
(жаңыланган 21:32 26.09.2020)
Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкек шаарындагы ардагерин туулган күнү менен куттуктап Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.

  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ветеран Великой Отечественной войны Иван Николаевич Голиков, который отмечает 100 – летний юбилей
    Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.

"Фрунзе" заводунда жана Кажы-Сайдагы тоо-кенин байытуу комбинатында тогуз жыл иштеген. Согуштан кийин ал жерден советтик өнөр жай үчүн уран казышкан. Дагы 32 жыл Сибирде эмгектенип, ардагер эмгек жолун 77 жашында аяктаган. Сибирден кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.

"Иван Николаевич, сиздин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мекенибизди жана башка европалык өлкөлөрдү бошотуудагы эрдигиңизди урматтайбыз. Азыркы заман үчүн сизге рахмат", — деп Сургаев ыраазылыгын билдирди.

Туугандарынын айтымына караганда, Иван Николаевич көп жагымсыздыкты алып келген согуш туурасында эстегиси келбейт.

Ардагер элчиликтин ар дайым көңүл буруп турганына жана бүгүнкү куттуктоосуна ыраазылыгын айтты.

10
Белгилер:
куттуктоо, КР элчилиги, Россия, ардагер, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

105
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

105
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу