"Спутник V". Россиялык вакцинага 20 өлкө кызыгууда. Видео

Жазылуу
Владимир Путин дүйнөдө коронавирустун алгачкы вакцинасы катталгандыгын жарыялады. Препарат Россиянын Коргоо министрлиги менен Гамалея атындагы илим-изилдөө борбору тарабынан иштелип чыгып, "Спутник V" деген аталышка ээ болду.

Вакцина каалоочуларга жасалып, сыноодон ийгиликтүү өттү. Тестирлөөнүн катышуучулары белгилегендей, алар вакцина сайдыргандан кийин өздөрүн жакшы сезип, эч кандай терс реакция байкалган эмес.

Медиктердин айтымында, катышуучуларда COVID-19га иммунитет иштелип чыккан жана препараттын коопсуз экендиги тастыкталган. Мындан тышкары, Россиядан чыккан жаңы дарыга дүйнөнүн көп өлкөлөрү кызыгып, азыр тестирлөө мүмкүнчүлүктөрү жана аны башка мамлекеттерде өндүрүү иштери сүйлөшүлүүдө.

Каттоодон өткөн россиялык вакцина жапырт колдонууга качан чыгары айтылды

Россиянын Коргоо министрлиги менен Гамалея атындагы илимий борбордун биргелешкен ишинен тышкары, вакцина чыгаруу менен россиялык дагы эки компания — Новосибирскидеги "Вектор" вирусология жана биотехника мамлекеттик борбору менен Санкт-Петербургдагы вакцина илим-изилдөө институту алектенип жатат.

Россиялыктарды жапырт эмдөө үчүн препараттардын алгачкы партиясы августтун ортосунда пайда болору күтүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0