Автоинспектордун колун терезеге кыпчып алып сүйрөткөн. Питердеги окуянын видеосу

Жазылуу
Полициянын маалыматы боюнча, бүгүн таңкы саат 05.30 чамасында инспекторлор BMW 730 автоунаасын токтотуп, тагылган номери жараксыз экенин аныкташкан.

Санкт-Петербургда баңгизат чегип алган жаран Жол кайгуул кызматынын инспекторунун колун автоунаанын терезесине кыпчып, 700 метрдей сүйрөп кетти. Бул туурасында РИА Новости укук коргоо органдарына таянуу менен билдирди.

Полициянын маалыматы боюнча, бүгүн таңкы саат 05.30 чамасында инспекторлор BMW 730 автоунаасын токтотуп, тагылган номери жараксыз экенин аныкташкан. Ал эми 39 жаштагы айдоочунун документин текшерип жатканда, жанында отурган жүргүнчү рулга отуруп айдай качкан.

Капотко сүйрөлүп, жерге жыгылып... Бишкекте милиционерди сүзгөн учурдун видеосу

"Полиция кызматкерин сүйрөп кеткен киши кармалды. Алдын ала маалымат боюнча, окуя болгон маалда баңгизат чегип алып жүргөн. Аны токтотууга аракет кылган инспектордун колун терезеге кыпчып алып 700 метрдей сүйрөп, андан ары из жашырып кеткен. Инспектор медициналык жардам алды, учурда абалы канааттандырарлык", — деп айтылат маалыматта.

Автоунааны айдай качкан жүргүнчү Архангельск облусунда туулган, мурда адам ден соолугуна катуу зыян келтирип, анын кесепетинен өлтүрүп алуу беренеси боюнча соттолгон 36 жаштагы киши болгон. Айдоочу дагы мурда баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүү боюнча соттолгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0