Бейруттагы жарылуу учурунда оорукананын ичиндеги абал. Жүрөк түшүргөн видео

Жазылуу
Бейруттагы жарылуу учурунда Сент-Жордж ооруканасынын талкаланышы ички көзөмөл камераларына тартылып калган.

Сент-Жордж ооруканасынын ичиндеги жүрөк үшүн алган кадрларды Ruptly агенттиги жарыялаган.

Анда оорукананын кызматкерлери жана бейтаптар көз ирмемде урандынын алдында калганын көрүүгө болот. Имараттын айнектери чачырап, дубалдар урап түшкөн.

Элдин жаалы менен... Ливан өкмөтү отставкага кетүүдө

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, жарылуудан келтирилген зыян 15 миллиард доллардан ашты.

Эске салсак, 4-августта Бейруттун борборунда катуу жарылуу болуп, анда 170тен ашуун адам каза болгон. 300 миңден ашуун киши үй-жайсыз калып, 6 миңдей киши жабыркады.

Жаңылыктар түрмөгү
0