Видеону интернетте аз убакыт ичинде 2,3 миллион жолу көрүштү.
LaPolitica Online порталынын жазганына караганда, өлкө башчы 17-август күнү Сержипи штатындагы электр станциясынын ачылышына барган. Эл арасында жүргөн эргежээл жаранды президент бийик көтөргөн.
Качан гана жардамчылары ал бала эмес экенин айтканда жерге койгон. Кадрларда ал киши дагы өзүн жоготпой, президентти колдоп, элге шаңдуу кол булгалаганын көрүүгө болот.