Бишкек: жолдон чуркап өткүсү келген кишини автоунаа ыргыта сүздү. Видео

Жазылуу
Кырсык саат 13:40тар чамасында болгон. Жерине барган медиктер мээсинен жаракат алган 28 жаштагы жаранды Улуттук госпиталга жеткирген.

Бишкектин Кулиев жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде жол чырактын кызыл өңү күйүп турганда жолдо өтүп кетүүгө аракет кылган кишини машина коюп кетти. Маалыматты милициядан тастыкташты.

Кырсык болгон учурдун видеосу блогер Болот Ибрагимовдун баракчасына жүктөлдү.

Көлдүн Чырпыктысында жол кырсыгынан айдоочу мерт болду. Каргашанын видеосу

Тез жардам кызматы аталган дарекке чакыруу 25-август күнү саат 13:41де түшкөнүн кабарлады. Жерине барган медиктер мээсинен жаракат алган 28 жаштагы жаранды Улуттук госпиталга жеткирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0