НАТО пандемияга карабай Балтикада аскердик активдүүлүгүн күчөтүүдө

Жазылуу
НАТОнун эки фрегаты Литванын Клайпедасына келди. Өлкөнүн Коргоо министрлигинин өкүлдөрүнүн айтымында, кемелер Балтика деңизине токтойт.

Максаты — альянстагы союздаштардын коопсуздугун бекемдөө. Анткени менен дал ушул аскердик блок аймактагы абалды туруксуздаштырууда. Россиянын чек арасында НАТО тараптан жасалган чагымчыл иштер жайында көбөйдү. Ал эми байма-бай өтүп, улам көбөйүп бара жаткан машыгуулар да чыңалууну күчөтүп жатат.

Россиялык Су-27 АКШнын тыңчы учагын кайра кайтарды

Москва бир нече ирет альянсты бул күүсүнөн бир аз жанып, ал тургай пандемия учурунда Россия жана НАТОго мүчө өлкөлөрдүн чек арасында аскердик аракеттерин токтото турууга чакырган. Бирок аскер блогунун жетекчилиги абалдын турукташуусуна кызыкдар эмес болуп чыкты.

Жаңылыктар түрмөгү
0