Нарындагы жер көчкү: электр энергиясы качан берилет? Видео

377
(жаңыланган 11:45 27.08.2020)
Жер көчкү, таш кулоодо автоунаа жолу толук бойдон жабылып, электр чубалгылары жарактан чыккан. Анын кесепетинен көмүр казган төрт компания электр кубатысыз калган.

16-августта Дыйкан – Кара-Кече унаа жолунун 37-чакырымында (Нарын облусундагы Кара-Кече көмүр кениндеги аймак) таш кулап, 300 миң куб метр көлөмүндөгү жер көчкү түшкөн. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кырсыкка нөшөр жана карьерлерде жүргүзүлгөн жардыруу иштери себеп болгону айтылат. Натыйжада трасса толугу менен жабылып, электр мамычалары талкаланган. Мындан улам көмүр казган төрт компания электр энергиясыз калган.

Боомдогу чоң жолду каптаган сел. Бийиктен тартылган сүрөт, видео

"Чыгыш электр" ишканасы Кара-Кече көмүр кенине электр кубатын берүү боюнча ишти тийиштүү министрликтердин уруксаты менен баштарын билдирет.

“Тийиштүү органдар жер көчкүнүн жана таш кулоонун кесепеттерин жойгондон кийин, "Чыгыш электр" ишканасынын адистери электр зымдарындагы аварияны жоюуга киришет. "Чыгыш электр" ишканасынын Нарындагы филиалынын жетекчилиги жеринде болуп, абалды көрүп чыккан. Кара-Кече көмүр кенине барган электр чубалгыда эки таяныч мамысы жер көчкү алдында калган. Азыркы тапта кырсык болгон аймакта маал-маалы менен таш кулап, ал жерде иштөө кооптуу болуп жатат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жер көчкү болгон аймакта азыркы тапта Өзгөчө кырдаалдар, Транспорт жана жолдор министрлигинин, ошондой эле жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жеринде тийиштүү аракеттерди көрүп жатат.

377
Белгилер:
электр энергиясы, электр кубаты, Кара-Кече, чыгыш, кырсык, Жер көчкү, Нарын
Тема боюнча
Электр энергиясы көп өчүрүлүп жатат. Көйгөй эмнеден чыкты
"Түндүк электр" 26-августтан тарта беш миң абоненттин жарыгын өчүрмөкчү

"Ты супер!" шоусунун төртүнчү сезону. Видео

54
(жаңыланган 02:08 28.09.2020)
"Ты супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору.

Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. 20-сентябрда музыкалык конкурстун төртүнчү сезону башталган.

54
Белгилер:
вокал, балдар, шоу, НТВ, "Ты – супер" балдар долбоору
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Ты супер!" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

Таамай соккусу менен атаандашын нокаутка кетирген боксёрдун видеосу

125
(жаңыланган 20:58 27.09.2020)
Никарагуалык боксёр Мелвин Лопес каршылашы Йейсон Варгасты таймаштын биринчи раундунда эле таамай соккусу менен нокаутка кетирген.

Салгылашуунун видеосу Internacional Boxing YouTube-каналына жарыяланган.

Эки спортчунун кармашы (жеңил салмактагы категория) Американын Майами шаарында өткөн.

Анда Лопес каршылашын биринчи раундда эле нокаутка кетирген. Варгас бир нече саамга чейин эсин жоготуп жатып калган. Бирок рингден өзү туруп чыгып кеткен. Лопестин бул соккусун комментатор "коркунучтуу" деп атап, ал көрүүчүлөр, соцтармак колдонуучуларынын эсинде калган.

​Белгилүү болгондой, Лопес 24 салгылашуунун ичинен 23үндө жеңишке жеткен. Ал эми атаандашы ушуну менен беш жолу катары менен жеңилип жатат.

125
Белгилер:
видео, таймаш, нокаут, бокс
Тема боюнча
Баштабай жатып... UFC мушкери 17 секунданын ичинде эле оңбой калган видео

COVID: Кыргызстанда 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат

0
(жаңыланган 12:05 28.09.2020)
Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата 104 кишиден вирус табылды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Кыргызстанда коронавирустан улам 13 киши өтө оор абалда реанимацияда жатат. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Учурда 700 киши аталган инфекциядан ооруканада дарыланууда.

Алардын ичинен:

  • орто оор абалда — 559 бейтап;
  • оор абалда — 119 бейтап;
  • өтө оор абалда — 13 бейтап жатат.

Акыркы күндөрү Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны кайра арбып кетти. Бүгүн, 28-сентябрга карата 104 кишиден вирус табылды.

Ош обулусунда кечээ бир адам көз жумгандыгы кабарланды.

0
Белгилер:
статистика, абал, реанимация, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар