Шотландияда аукционго коюлуп 367,5 миң фунтка (490,6 миң доллардын тегереги) сатылган кочкор баасы боюнча дүйнөлүк рекорд жаратты. Бул тууралуу РИА Новости британиялык Independent басылмасына таянуу менен жазды.
Жер жүзүндөгү эң кымбат бул жаныбардын аты Double Diamond ("Кош бриллиант"), тексель тукумунан чыккан. Аукционго коюлганда баасы 10.5 фунттан (14 миң доллар) башталган.
Ээси 10 миң долларга бербеген алп кочкор Гулливердин жеңиши. Казакстандагы видео
Деген менен жыйынтыктоочу баасы Улуу Британия эле эмес, дүйнө боюнча рекорддук көрсөткүчкө жеткен. Мурдагы рекорд жараткан кой 2009-жылы Шотландиянын Ланарка шаарында 231 миң фунтка сатылганы айтылат.
Тексель тукумундагы койлор Улуу Британияда белгилүү майда жандык катары сыпатталат. Аларды тукум алып көбөйтүү максатында багышат. Анын этинин сапаты мыкты болгондуктан өзгөчө бааланып, кымбат сатып алуудан кайра тартышпайт.
Бишкек шаарындагы Түштүк магистралын узартып, Сокулук районундагы ТЭЦ-2 аймагына чейин жеткирүү үчүн өкмөт сегиз гектар жерди трансформациялады. Бул тууралуу маалыматты Sputnik Кыргызстан редакциясына Жер агенттигинин Жерге жайгаштыруу, жер кадастры, геодезия, картография, мамлекеттик чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча башкармалыгынын башчысы Турсунбек Кубанычбеков тастыктады.
Жол куруу үчүн өкмөт Чүй облусунун Орок айыл аймагынын жашоочуларынын жеке менчик айдоо жерлерин алды. Ордуна бийлик менчик ээлери менен келишим түзүп, башка тилке бөлүп берген.
"Бул жерлер мурда айыл чарба багытында эле. Жолду куруу үчүн эми өнөр жай өндүрүшү, транспорт, байланыш, энергетика жана башка багытындагы жерлер категориясына өткөрүлдү", — деди жетекчи.
Эске салсак, Сокулук районунун сөз болуп жаткан аймагында Ак-Ордо, ТЭЦ-2 баш болгон мыйзамдуу түрдө башы ачылбай жаткан конуштар бар. Бирок Кубанычбековдун түшүндүрмөсүндө бул жолку трансформациялоонун аларга тиешеси жок.
"Өкмөттүн бул токтомунун негизинде Түштүк магистралынын уландысын куруу үчүн 8 гектар гана жер трансформацияланды. Анын тегерегиндеги тилкелер мурдагыдай эле макамда калтырылды. Алардын категориясын алмаштыруунун тартиби башка", — деп түшүндүрдү ал.
Түштүк магистраль — Бишкектеги негизги көчөлөрдүн бири, 7-апрелден Байтик баатыр көчөсүнө чейинки бөлүгү Аалы Токомбаев деп аталат. Байтик баатырдан Дооронбек Садырбаев көчөсүнө чейин Абсамат Масалиевдин ысымын алып жүрөт. Садырбаевден Чортеков көчөсүнө чейин Жайыл баатыр деген аталышта.
Учурда көчөнү Арча-Бешик конушунан тарта талаа менен алып өтүп, Сокулук районундагы ТЭЦ-2 аймагына жеткирүү пландалып жатат.
Маалыматка караганда, жолдун жаңы курулчу бөлүгүнүн узундугу эки чакырымдан ашат.
Курулуш качан башталып, жол качан колдонууга берилери азырынча айтыла элек.
UFC уюмунун чемпиону, кыргызстандык мушкер кыз Валентина Шевченко кезектеги атаандашы Жессика Андраде менен көз караштар таймашына чыкты. Чемпиондук наам үчүн кармашуучу спортчулардын видеосун аталган уюм өзүнүн Instagram баракчасына чыгарды.
Посмотреть эту публикацию в Instagram
Мушкер кыздар 24-апрелде (Бишкек убактысы боюнча 25-апрелде) АКШнын Флорида штатындагы Жексонвилл шаарында өтүүчү UFC 261 турниринде беттешет. Кыргызстандык Валентина Шевченко чемпиондук наамын коргойт, Жессика Андраде наамга талапкер катары чыгат.
Видеонун астына промоушен "Чемпион наамын коргоп кала алабы же жаңы чемпион чыгабы?" — деген таризде билдирүү калтырган.
Кыргызстандык мушкер беделдүү уюмдун бел курун 2018-жылы польшалык Жоанна Енджейчикти уткандан кийин тагынган. 2019-жылы америкалык Жессика Айды, Лиз Кармушту, ал эми былтыр америкалык Кэтлин Чукагянды, бразилиялык спортчу Женнифер Майяны утуп, наамын төрт ирет коргоп калган.Ал эми атаандашы бразилиялык спортчу эң жеңил салмактын чемпиону болгон. Акыркы беттешин 2020-жылдын 17-октябрында Кэтлин Чукагян менен кармашып, нокаут менен уткан.
Жессика Андраде карьерасында 29 кармашка чыгып, сегиз ирет жеңилген. Кызыгы, бразилиялык кыз Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 251 мелдешинде Роуз Намаюнаска жеңилген. Андраденин Шевченко менен беттеши да дал ушул Камару Усман менен Хорхе Масвидель чемпиондук кур үчүн таймашкан UFC 261 турниринин алкагында өтөт.
Курулушка кезинде жүздөгөн техника, жумушчулар тартылып, миллиондогон рубль акча жумшалган. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөнүн негизги авиациялык жайы кандай кыйынчылыктар менен курулуп, ири долбоор кантип ишке ашканына кызыгып көрдү.
Кыргыз ССРинин борборуна жаңы аэропорт куруу демилгеси 1969-жылы көтөрүлүп, жергиликтүү бийлик Москвага каржылык колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анткени Фрунзе шаарынын Тынчтык (азыркы Чыңгыз Айтматов) проспектисине жакын жайгашкан аба майдандын жүргүнчүлөрү көбөйүп, коопсуздук маселеси дагы тынчсыздануу жараткан. Аталган аэропорт аркылуу каттаган адамдардын саны бир жылда 550 миңге чукулдап калган эле. Ошондой эле учуп-конуу тилкесинин айланасына турак жайлар жакын болгондуктан учкучтар көбүнчө ал үйлөрдүн үстүнөн 40-50 метр бийиктикте эле өтүшчү. Андан сырткары, ал жерде Абадан коргонуу күчтөрүнүн аскердик тик учактары, аэродрому да болуп бир катар кооптуу тобокелчиликтерди пайда кылган.
Бирок СССРдин Жарандык авиация министрлиги, Мамлекеттик пландык комитети кыргыз бийлигине төмөндөгүдөй жооп берген:
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча жаңы аэропортту салууга 46-50 миллион рубль жумшалат. Аталган курулушту шаардын четине чыгаруу 80-жылдарга гана пландалган".
Ага карабай кыргыз бийлигинин башында турган Турдакун Усубалиев өжөрлөнүп СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев, Алексей Косыгинге чейин барып, аларды макул кылат. Жыйынтыгында СССРдин Министрлер кеңешинин төрагасы Фрунзедеги жаңы аэропорттун курулушун 1972-жылы баштоо боюнча токтом кабыл алган.
Ошентип жаңы аэропорттук комплексти толугу менен долбоорлоо милдети СССРдин Жарандык авиация министрлигинин алдындагы Бүткүл союздук "Аэропроект" илимий-изилдөө институтуна жүктөлүп, адистер Москвадан бери келген. Ири курулушту каржылоонун негизги бөлүгүн борбордук бийлик бөлгөн. 800 гектар жер бөлүнүп, 600дөй жумушчуларга ылайыкталган чакан кыштак, 1000 тонна цемент бата турган кампа даярдалып, кум-шагыл даярдоочу орнотмо, ээн талаага жол салынып коммуникация тартылган.
Курулуш 1973-жылы башталган. Ошол учурду Кыргызстан Коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Турдакун Усубалиев мындайча жазган:
"Башында киришкенде иштөө шарттары аябай оор болчу. Куруучулар кагыраган жерди бир метрден четинен багындырган. Жайкысын күндүн ысыгы 40 градуска чейин жогорулаганда көпчүлүк жумуштар кеч киргенде жасалчу", — деп жазган мамлекеттик ишмер.
Ошондой эле жаңы аэропорт менен Фрунзе шаарын байланыштырган 30 чакырым узундуктагы автомагистраль салынып, ал жактагы автовокзал колдонууга берилип, жолду бойлой көчөт тигилген. Аба майдан 1974-жылы Кыргыз ССРинин 50 жылдык мааракесине карата ачылып, жаңы аэропортко биринчилерден болуп СССР Министрлер Кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин конгон.
Андан соң аэровокзал жана кошумча объектилердин курулушу башталып, беш чакырымдан ашык суу түтүктөрү, 40 чакырымдай электр чубалгылары тартылып, жүздөгөн куруучу комплекстин ичи-тышын жасаган. Эң кызыгы, темир жолдон аэропортко чейин 30 чакырым узундуктагы авиакеросин түтүгү жер алды менен алып келинген. Ал аркылуу авиациялык жайдагы учактар өз убагында күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздалып турган. Эгер андай түтүктөр жаткырылбаганда күн сайын ондогон унаа борбордон аэропортту көздөй каттамак. Тилекке каршы, кийин ал объектилер каралбай, ушу тапта иштетилбей жер алдында чирип жатат.
80-жылдардын соңуна чейин "Манас" аэропортунун курулушуна жалпы 80 миллион рублдей акча кеткен. Анын төрттөн бир бөлүгүн кыргыз бийлиги чыгарса, калганы бүткүл союздук казынадан келген. Аба майдан заманбап техника менен жабдылып, авиациялык жай түрдүү типтеги учактарды кыйынчылыксыз кабыл алып калган.
Ата мекендик авиациянын ардагер учкучу Кубанычбек Козубековдун союз тарагандан кийин Кыргызстанда авиация тармагы кантип кыйраганын айтып берди.
"Союз маалында борборлоштурулган башкаруу болчу, учактын тетиктери, техниканы оңдоо, күйүүчү-майлоочу материалдар, автоунаалар өз убагында келчү. Ал кездеги авиация менен азыркыны салыштырууга болбой калды. Мисалы, Кыргызстан жаңы эгемендүүлүк алганда "Манас" аэропортунда ТУ-154 учагынан 13, ТУ-134төн төртөө жана Ми-8 деген тик учактан ондон ашыгы бар эле. 90-жылдары алар оңдолбой, каралбай токтоп тура берип, ата мекендик авиация кыйрады. Мамлекет башындагылар аэропорттун карамагындагы объектилерди ич ара бөлүшүп алышты да, салык төлөбөй иштеп миллиондорду таап жүрүшкөн", — деди Козубеков.
Учурда республиканын негизги аэропорту жыл сайын миллиондогон жүргүнчүлөргө кызмат көрсөтүп, КМШ, Азия, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө 30дай түрдүү каттам аткарып, 20га чукул эл аралык авиакомпания менен кызматташып келет.
Материал көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Турдакун Усубалиев, ардагер учкучтардын эскерүүлөрүнүн жана ачык булактагы маалыматтардын негизинде жасалды.