Бишкекте өткөн веложарыш. Асмандан тартылган видео

155
(жаңыланган 16:21 30.08.2020)
2020-жылдын эсебинен Бишкек шаарында алгачкы веложарыш өттү. Адатта мындай иш-чаралар жазында болчу, бирок пандемияга ага жол берген эмес. Велосүйүүчүлөрдүн колоннасы үчүн жолдон атайын тилке бөлүнүп, аларды Тез жардам жана Кайгуул кызматы коштоп жүргөн.

Велосипедчендер 9:00дө Бишкектин түштүк бөлүгүндөгү жаңы паркка чогулушкан. Колонна Айтматов проспекти менен өйдө чыгып Орто-Сай айылына чейин барган. Андан соң Байтик Баатыр көчөсүнөн ылдый түшүп Токомбаев жолу менен старт алган жерине кайра келишкен. Велосипед тепкендер 10 чакырым аралыкты багынтышты.

Велосипед менен дүйнө кыдырган британиялык эки аял Гиннес китебине кирди

Спорт сүйүүчүлөрүн ЖКККББнын үч автоунаасы жана Тез жардам кызматы коштоп жүргөн. Иш-чараны уюштуруу үчүн жолдун бир тилкесиндеги кыймылга чектөө коюлуп, иш-чара бүтөрү менен ачылган.

155
Белгилер:
мэрия, иш-чара, спорт, веложарыш, Бишкек
Тема боюнча
Ыктыярчы Адинайдын аты берилген сейил бактын көрүнүшү. Сүрөттөр

Финполдун кызматкерлери майрамга карата кыргыз тилинин гимнин ырдашты. Видео

59
(жаңыланган 18:15 23.09.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик тил күнүн белгиледи. Анын алкагында кызматкерлер кыргыз тилинин гимнин аткарышты.

Финполдун маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекеттик тил майрамы быйыл онлайн түрүндө өткөрүлгөнүн билдирди.

"Кызматкерлер тилге байланыштуу ар түрдүү видеотасмаларды тартышып, ошондой эле ыр, сүрөттөр жана көркөм окууларды даярдашты. Кыргыз тил майрамын белгилөө кызматкерлерди ынтымакка чакырып, ар бир атуулдун рухун көтөрүп, келечекке сабак болуп жана тарыхыбызды сүйүүгө, сыйлоого үйрөтөт", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео

Ошондой эле Финполдун жетекчилиги Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң көңүл буруп келери кошумчаланган.

Кыргызстанда 1989-жылдан бери 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленет.

59
Белгилер:
аткаруучу, гимн, кыргыз тили, кызматкер, финансы полициясы
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты

АКШнын "Түндүк агым 2" долбооруна каршы коалициясы курулушту токтотобу? Видео

49
(жаңыланган 17:18 23.09.2020)
АКШ "Түндүк агым – 2" өткөн газ куурунун курулушун токтотуу боюнча жаңы ыкма ойлоп тапты. Мамлекеттик департаменттин башчысы Майк Помпео америкалыктар коалиция түзүүгө камынып жаткандыгын айтты.

Россия муну АКШнын кезектеги согушту чыгаруу аракети катары баалады. Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев Вашингтон менен коалиция болгон жерде дайыма согуш чыгарын айтты. Ал эмне үчүн мындай бүтүм чыгарды жана АКШ Европага орустардын отунунун ордуна өзүнүн суюлтулган газын сунуштай алабы? Буга жооп алыш үчүн биздин видеону көрсөңүз болот.

49
Белгилер:
Газ түтүгү, газ, Германия, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?