Бутун асмандатып учактын текчелерин жапкан стюардессанын видеосу

668
(жаңыланган 18:31 31.08.2020)
Америкадагы 35 жаштагы стюардесса Линдси О'Брайен багаждын текчелерин өзгөчө ыкма менен жаап, экипаждын мүчөлөрү менен социалдык тармактын колдонуучуларын таң калтырды.

Кызматкердин акробатикалык трюгунун видеосу The Daily Mail басылмасынын YouTube-каналына жарыяланды.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, стюардесса отургучтун чекесин колдору менен таянып, башы менен ылдый кылып, буттарын асмандатып, андан соң текчелерди шакылдатып жаап койгон.

"Бала кезимде черлидер болсом (шоу менен спортту аралаштырган бий), андан кийин йога менен алектенгем. Бул трюкту аткаруу өзүмө кызык болду", — деген О'Брайен.

Бири түкүрүп, экинчиси жаакка чаап... Учкуч менен стюардессанын учактагы окуясы

Борт коштоочу мындай нерсени аткаруу үчүн 20дан көп ирет кайталаганын кошумчалаган.

668
Белгилер:
трюк, видео, учак, стюардесса, АКШ
Тема боюнча
Үнүн азайт! Пилот адамдардын учакка кечиккен өзгөчө себебин айтты

Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео

207
(жаңыланган 16:13 29.09.2020)
Тоолуу Карабахта чатак кайрадан ырбады. 27-сентябрда таанылбаган республикада куралдуу кагылышуу башталып кетти.

Тирешкен Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп жатат. Эки жак тең каршылаш тарап кол салып, кайра чабуул жасоого мажбур кылды деген билдирүү таратты. Анын кесепетинен жай жарандар менен аскерлер көз жумду.

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Мындай тирешүү Карабахта 1994-жылдан бери кайталана элек болчу. Анда согуштук кагылышуу токтоп, бирок конфронтация уланып келе жаткан. Юридикалык жактан алганда Тоолуу Карабах Азербайжандын жери. Анткен менен 1991-жылы референдумдун негизинде республика өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Бирок анын көз карандысыздыгын дүйнө азыркыга чейин тааный элек. Эзелтен бери Карабахта армяндар көбүрөөк санда жашап келет. Талаштуу аймактагы курчуган азыркы абал тууралуу биздин видеодон көрүңүз.

207
Белгилер:
өлүм, атышуу, согуш, чатак, Армения, Азербайжан, Тоолуу Карабах
Тема боюнча
БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

Жээнбеков менен Путиндин Сочидеги жолугушуусу. Видео

174
(жаңыланган 23:48 28.09.2020)
Өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Сочи шаарында КР жетекчисинин жумушчу иш сапарынын алкагында жолуккан. 

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан ар дайым Россиянын чыныгы дос, союздаш, өнөктөш катары колдоосун сезе тургандыгын айткан.

"Муну өзгөчө башыбызга оорчулук түшкөн, кыйын учурда сездик. Сиздерден улам өлкөдөгү эпидемиялык абалды турукташтырдык жана Россияда иштеп, жашап жаткан биздин атуулдарга көмөк көрсөтүлдү", — деди КР президенти.

Жээнбеков Путинди дүйнөдө алгачкылардан болуп россиялык вакцинанын каттоодон өтүшү менен куттуктаган.

"Коронавирус илдетине каршы россиялык вакцина жакынкы аралыкта Кыргызстанда дагы жеткиликтүү болот деп үмүт артам", — деп билдирген Жээнбеков.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Мындан сырткары, Өнүктүрүү жана турукташтыруу боюнча Евразиялык фонддун Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн рекорддук насыяны — 100 миллион доллар бөлүп бергенине да ыраазычылыгын айтты.

Путин Россия эч качан башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпей турганын, ошол эле учурда кырдаалды турукташтырууга жасалган аракеттерди дайыма колдой турганын айткан.

"Биз ар дайым өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракет жасаган бийликти колдоп келебиз. Кыргызстанга дагы ошондой мамиле болот. Экономикалык жактан дагы колдойбуз", — деди ал.

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстанда кыргыз-орус мамилелерине доо кетирүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн кылымдар далилдеген достук мамилесин баалай турганын кошумчалаган.

174
Белгилер:
ыраазычылык, жардам, жолугушуу, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
Акча каражаттары. Архив

ЖК, президент жана өкмөттүн аппараттары бюджеттен канча каражат алары айтылды

6
(жаңыланган 09:20 30.09.2020)
Министрлик белгиленген чыгымдардын баары маяна төлөөгө эмес, чарбалык иштерге да жумшалганын белгилейт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Финансы министрлиги башкы мамлекеттик органдардын бир жылдык чыгымы тууралуу маалымат берди.

Анда 2019-жылдагы чыгымдар көрсөтүлгөн.

Жогорку Кеңешке былтыр 765 миллион сом берилип, ал төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Аппарат — 606,53 миллион сом;
  • Иш башкармалыгы — 73,77 миллион сом;
  • Гараж — 48,1 миллион сом;
  • Резервдер фонду — 34,5 миллион сом.
  • КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык ассамблеясынын Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыгы — 2,09 миллион сом.

Президенттик аппаратка 151,48 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Аппарат — 113,77 миллион сом;
  • КР Коопсуздук кеңешинин катчылыгы — 1,2 миллион сом;
  • Аппараттын жалпы чарбалык иштери — 2,19 миллион сом;
  • Президенттин резервдер фонду — 34,3 миллион сом.

Бир партия 105 млн. сом. Шайлоого аттангандар канча каражат короткону айтылды

Өкмөттүн аппаратына 207,59 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүштүрүлгөн:

  • Аппарат — 172,48 миллион сом;
  • Чек араларды делимитациялоо жана демаркациялоо иштерине — 2,61 миллион сом;
  • Резервдер фонду — 32, 49 миллион сом.

Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгына 641,64 миллион сом берилип, төмөндөгүдөй бөлүндү:

  • Президенттин иш башкармалыгы — 496,78 миллион сом;
  • "Автотранспорт" мамлекеттик ишканасы, Мамлекеттик компьютердик байланыштар — 93,45 миллион сом;
  • "Кыргыз мамлекеттик аңчылык чарбасы" мамлекеттик ишканасы — 12,22 миллион сом;
  • "Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркы" мамлекеттик ишканасы — 39,19 миллион сом.

Мамлекеттик маанидеги чыгымдар:

  • Экс-президенттер — 828,6 миң сом;
  • Мамлекеттик сыйлыктар — 8,11 миллион сом;
  • Саммиттерге — 472,12 миллион сом.

Натыйжада чыгымдардын жалпы суммасы 1 миллиард 481,78 миллион сомду түздү. Финансы министрлиги жогоруда белгиленген чыгымдардын баары маяна төлөөгө эмес, чарбалык иштерге да жумшалганын белгилейт.

6
Белгилер:
Финансы министрлиги, бюджет, Жогорку Кеңеш, чыгым
Тема боюнча
Кыргыз өкмөтү COVID кесепетинен канча карыз алып, кайда жумшап жатат. Саресеп
Быйыл мамлекеттик карызды тейлөөгө 18 млрд сомдон ашык акча жумшалды