Эгемендиктин урматына атылган укмуштуудай салют. "Ала-Тоодон" алынган видео

289
Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтында майрамдык салют атылды. Алты мүнөткө созулган фейерверкти уюштурууга шаардык бюджеттен 700 миң сом жумшалды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги майрамдык кечедеги видеону артка түрдүргөн режимде көрсөтүп бермекчи.

Си, Трамп жана Испания королу. Кыргызстандыктарды 32 өлкөнүн башчысы куттуктады

Ушул жылы шаардыктар коронавирус пандемиясына байланыштуу салютту аянттын жанына барып көрө алышкан жок.

Буга чейин "Ала-Тоо" аянтында президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда майрамга карата салтанат өтүп, коронавирус менен күрөшүүгө маанилүү салым кошкондор чакырылган.

289
Белгилер:
видео, майрам, салют, көз карандысыздык, Бишкек
Тема боюнча
Бишкектеги эл катышпаган Эгемендүүлүк салтанатына ким конок болду

"Ты супер!" шоусунун төртүнчү сезону. Видео

44
(жаңыланган 02:08 28.09.2020)
"Ты супер!" шоусу — НТВ телеканалы менен Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосунун ири долбоору.

Ага КМШнын аймагындагы вокалдык таланты бар балдар катышат. 20-сентябрда музыкалык конкурстун төртүнчү сезону башталган.

44
Белгилер:
вокал, балдар, шоу, НТВ, "Ты – супер" балдар долбоору
Тема боюнча
Кыргызстандык кыз "Ты супер!" шоусунун кийинки туруна өтпөй калды. Видео

Таамай соккусу менен атаандашын нокаутка кетирген боксёрдун видеосу

112
(жаңыланган 20:58 27.09.2020)
Никарагуалык боксёр Мелвин Лопес каршылашы Йейсон Варгасты таймаштын биринчи раундунда эле таамай соккусу менен нокаутка кетирген.

Салгылашуунун видеосу Internacional Boxing YouTube-каналына жарыяланган.

Эки спортчунун кармашы (жеңил салмактагы категория) Американын Майами шаарында өткөн.

Анда Лопес каршылашын биринчи раундда эле нокаутка кетирген. Варгас бир нече саамга чейин эсин жоготуп жатып калган. Бирок рингден өзү туруп чыгып кеткен. Лопестин бул соккусун комментатор "коркунучтуу" деп атап, ал көрүүчүлөр, соцтармак колдонуучуларынын эсинде калган.

​Белгилүү болгондой, Лопес 24 салгылашуунун ичинен 23үндө жеңишке жеткен. Ал эми атаандашы ушуну менен беш жолу катары менен жеңилип жатат.

112
Белгилер:
видео, таймаш, нокаут, бокс
Тема боюнча
Баштабай жатып... UFC мушкери 17 секунданын ичинде эле оңбой калган видео
Киши көкүрөгүн кармап турат. Архив

Инсульттун көпчүлүк биле бербеген алгачкы белгилери айтылды

45
(жаңыланган 09:59 28.09.2020)
Инсультту алдын алуу үчүн ар дайым кандагы канттын, холестериндин деңгээлин көзөмөлдөн чыгарбоо керек. Ошондой эле кан басымын өз чегинде кармоо зарыл.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Казань медициналык университетинин доценти, неврология кафедрасынын жетекчиси Рустем Гайфутдинов жакындап келе жаткан инсульттун алгачкы жана байкала бербеген белгилерин айтты. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды.

Адистин пикиринде, инсульттун көпчүлүккө белгилүү беттеги симметриянын жоголушу, сүйлөөнүн бузулушу сыяктуу белгилеринен тышкары төмөндөгүлөргө көңүл буруу зарыл:

  • кан басымынын 220дан жогорулап кетиши;
  • жаак, тил жана манжалардагы сайгылашуу же эч нерсени сезбей калуу;
  • колдордун жакшы иштебей калышы;
  • көздүн көрүүсүнүн начарлашы;
  • баш ооруп, көңүл айнуу.

Ошондой эле инсульт болоруна аз калган кишинин башы айланып, кыймыл-аракети өтө жай болуп калат. Айрым учурда айланадагы нерселер көзгө кош кабат болуп көрүнө баштайт.

45
Белгилер:
оору, белги, инсульт
Тема боюнча
Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды