Быйыл өзгөчө! Бишкекте 1-класска барган бөбөктөрдүн видеосу

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкекте алгачкы ирет мектеп босогосун аттаган балдарды видеого тартты.

Өлкөдө жаңы окуу жылы башталды. Бирок эпидемиологиялык кырдаалдан улам салттуу режимде 1-класстын балдары гана окумай болушту. Калгандары азырынча окуусун аралыктан башташат.

Билим күнү Кыргызстан боюнча жалпы 156 миң бөбөк мектеп босогосун аттаган. Бул ирет жылдагыдай салтанаттуу иш-чара болгон жок. Биринчи класстын окуучулары дароо эле окуу бөлмөлөргө кирип, аларга "Менин сүйүктүү Кыргызстаным" сабагы өтүлдү. Башкаларына класстык сааттар онлайн форматта болду.

1-класстын окуучусунун сумкасы канча килограмм болушу керек. Адистердин сунушу

Мугалимдер балдардын ортолорун 1,5-2 метр аралыкты сактап отургузушкан. Бул жылы бирдей мектеп формасын кийүү талабы да алып салынды. Бирок 1-класстын балдары мектепке ак кофта (көйнөк), кара шым, юбка менен барышы зарыл.

1-класстын окуучуларына бардык сабактар кирет. Анын ичинде дене тарбия, музыка, сүрөт сабактары дагы бар. Айрымдары ачык асман алдында өтүлө турганы маалым болду.

Күн сайын мектепке кирердин алдында балдардын дене табы текшерилет. Айрым аймактарда медиктер аз болгондуктан, бөбөктөрдүн дене табын башка педагогдор текшерет. Класстар танапис сайын желдетилип турат. Ошондой эле адаттагыдай ысык тамак берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0