Россияда эң ири чуңкур табылды. Асмандан тартылган видео

Жазылуу
Окумуштуулар тегерек жана эң чоң чуңкурга таң калып бүтпөй жатат. Дагы бир нерсе – анын жакшы сакталгандыгы болгон.

Жаратылыштын бул көрүнүшүн адистер аны изилдей келгенде илим дүйнөсүнө кызыктуу болгон бир топ илимий материалдар табыларын айтышууда.

Аталган терең чуңкур илимий журналга 17 саны менен катталган. Себеби Ямал жарым аралынын аймагында 2014-жылдан бери бир нече ушундай кратерлер табылган.

Окумуштуулар анын пайда болушун изилдеп чыгышкан. Муз каптаган жерде боштук пайда болуп, ага газ толо берет, басым чоңойгондо жердин бир бөлүгүнөн атылып чыгып, чуңкур пайда болот. Муз менен жердин чачырандылары бир нече жүздөгөн жерлерге чейин чачырарын айтышкан.

Карап эле турсаң!.. Бирде бар, бирде жок болгон Көл-Суунун укмуш сүрөттөрү

"Биз Ямалдын түштүк тарабында мындан үч жыл мурда иштегенбиз. Еркут кратери. Албетте, ал көлөмү жагынан кичирээк. Ал эми биз бүгүн көргөн чуңкурдун чоңдугу абдан тан калдырды. Бул жаратылыштын күчү менен пайда болгон объектилер", — деген Илим жана технология боюнча Сколковск институтунун жетектөөчү адиси Евгений Чувилин.

Адистер келечекте мындай жайларга изилдөө эле жүргүзбөстөн, аларды табуу ниетинде болуп жаткандыктары маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0