Ташкент: жаркыраган, суктанткан жаңы метро. Өнүккөн шаардагы видео

Жазылуу
Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарынын тургундары жаңы, жер үстүндөгү метродо жүрө баштады. Бул тууралуу uz.sputniknews маалымат булагы жазды.

Өлкөнүн эгемендүүлүк күнү алдында президент Шавкат Мирзиёев курулуп жаткан айланма метронун "Дустлик-2" станциясынан "Куйлюк" базарына чейинки бөлүгүн ачты.

11 чакырымды түзгөн бул бөлүктө жети станция жайгашкан, алардын ортосундагы ар бир багытта Россияда жасалган заманбап эки поезд жүрүп турат. Жалпы жол аралыгы 20 мүнөттөн ашпайт.

Кытай Өзбекстанга Ош аркылуу транспорттук коридор ачты

Бул Ташкенттин жер үстүндөгү айланма метросу ири долбоорунун ишке ашканынын биринчи этабы болуп саналат. Анда негизинен 35 станция болот. Маршруттун жалпы узундугу 50 чакырымдан ашат.

"Өзбекстан темир жолдору" мекемесинин кызматкерлери транспорттук желенин жаңы ачылган бөлүгү баш калаанын жолдорундагы тыгынды жеңилдетерине ишеним артышат. Андан сырткары, калаада ушундай адаттан тыш режимде саякаттоо метрополитенди дагы да популярдуу кылат деп эсептешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0