Беш кадам. COVID-19дан айыккандар үчүн видео көнүгүүлөр чыкты

Жазылуу
COVID-19 оорусун жеңип чыккандар үчүн жеткиликтүү, аткарууга жеңил жана эң натыйжалуу "Беш кадам" программасы жарыяланды.

Аны КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин штаттан сырткаркы башкы пульмонологунун жетекчилиги астында бир катар адистер чет өлкөнүн алдыңкы дарыгерлеринин колдоосу менен иштеп чыккан.

Министрликтин маалымат кызматы программаны түзүүдө Улуу Британиянын Лестер, Плимут жана Швейцариянын Цюрих университеттеринин адистери катышканын белгиледи. Коронавирустан арылгандан кийин кайра калыбына келүү үчүн көнүгүүлөрдү туура жана так жеткирүү максатында атайын видеоролик тартылган.

Реабилитация боюнча адистерден акысыз онлайн-кеңешти дүйшөмбүдөн жума күнгө дейре саат 9:00дөн 18:00гө чейин алууга болот.

Коронавирустан айыккандар ден соолукка кантип кам көрүшү керек. Адистен 5 кеңеш

Инструктор-дарыгерлердин тобу:

  • Акылбеков Азамат Исхакович — (0700) 35-17-48;
  • Мадемилов Маамед Жолдошбекович — (0706) 34-16-49;
  • Абдраева Айнура Каныбековна — (0706) 79-79-57;
  • Айдаралиева Шоира Дилмуратовна — (0558) 19-19-43;
  • Муратбекова Айбермет Муратбековна — (0700) 45-08-14;
  • Мирзалиева Гулзад Мирзалиевна — (0559) 16-69-99;
  • Таалайбекова Айжан Таалайбековна — (0705) 51-29-60;
  • Магдиева Камила Мыртемировна — (0708) 87-85-25;
  • Ризоматов Шохрух Фуркат угли — (0557) 57-02-95;
  • Бабичек Кристина Юрьевна — (0700) 43-22-18;
  • Жорупова Бегимай Маратовна — (0709) 13-91-30;
  • Маматова Дарика Тагайбековна — (0553) 16-21-61;
  • Кулжанова Айзада Калыбековна — (0735) 20-26-12;
  • Кулмурзаев Калыс Курманбекович — (0504) 88-77-99.

Инструктор-медайымдар тобу:

  • Аманалиева Альбина Аманалиевна — (0703) 53-55-58;
  • Өмүрбекова Жайнагүл Жеңишбековна — (0500) 34-44-36;
  • Чыныбаева Жылдыз Куштарбековна — (0700) 97-97-96;
  • Кожомурат кызы Жылдыз — (0703) 28-07-47;
  • Алыбекова Айдай Темиралиевна — (0500) 35-00-13;
  • Ташбаева Рахат Орозбековна — (0701) 55-00-42;
  • Алибат кызы Гүлбайра — (0703) 47-17-77;
  • Рысбекова Айдай Рысбековна — (0551) 51-65-95.
Жаңылыктар түрмөгү
0