Британиялык келин үлпөт тоюнда конок менен мушташа кетти. Видео

445
(жаңыланган 00:05 09.09.2020)
Улуу Британияда үлпөт кийимчен келин тойго келген конок менен элдин көзүнчө мушташа кетти. Чырдан жапа чеккендер болгон эмес.

Окуя Улуу Британиянын Суонси шаарында катталган. Чырдын күбөсү мушташтын видеосун белгилүү Reddit порталына жарыялаган.

Видеодо үлпөт кийимчен аял көк майсан үстүндө бирөө менен мушташып жатканын, дагы бир келин эс-учун жоготкон абалда асфальтта жатканын көрүүгө болот.

"Ооба, бул шалбаадагы колуктунун мушташы", — деп жазган автор.

Маалыматка караганда, мушташ той тарап калганда болгон.

The Sun басылмасы жазгандай, үлпөт той өткөн көңүл ачуу жайы полиция чакырган. Полиция тойдо чыр болгону тууралуу чакырык келгенин тастыктап, мушташта эч ким жапа чекпегенин белгилешкен.

445
Белгилер:
мушташ, той, үлпөт, Улуу Британия
Тема боюнча
Колуктусунун эски жоруктарын уккан дүйнө чемпиону аны тойдон кууп чыкты

Түрк футболчусу автогол киргизип, Европа чемпионатынын тарыхында калды. Видео

633
Футбол боюнча Европа чемпионатынын эң алгачкы голу оюнчу өзүнүн дарбазасына топ киргизип алышы менен башталды. Мындай жагдай чемпионаттын тарыхында биринчи жолу катталды.

12-июнга караган түнү Рим шаарында Евро-2020 старт алып, оюнду Түркия менен Италиянын курама командалары ачып берди.

Беттештин 53-мүнөтүндө Түркиянын коргоочусу Мерих Демирал өз дарбазасына гол киргизип алып, эсеп санын ачып берди. Анын каршылашы тепкен топту башы менен тосом деген аракети оңунан чыкпай калган.

Демирал Европа чемпионатында автогол киргизген алгачкы футболчу катары тарыхта калды.

633
Белгилер:
автогол, Италия, Түркия, Европа чемпионаты, футбол
Тема боюнча
Футбол: Кыргызстан Мьянманын дарбазасына киргизген голдордун видеосу

Быйыл Кыргызстанда Россия күнү алгачкы ирет масштабдуу түрдө белгиленди. Видео

92
(жаңыланган 18:18 12.06.2021)
Бүгүн борбор калаада Россия күнү белгиленип, майрам элдик оюн-зоок программасы менен шаңдуу өткөрүлдү. Чыңгыз Айтматов атындагы Орус драма театрынын алдында "Русская душа" аталышындагы фестиваль уюштурулду.

Майрамдык иш-чаранын алкагында орус элдик ырларын жана бийлерин аткарган чыгармачыл топтордун концерти, оюндар, балдар жана чоңдор үчүн викториналар болуп, жеңүүчүлөргө эстеликке сыйлыктар берилди.

Ошондой эле орус тамактарынан даам татуу, Россия элинин кол өнөрчүлүк искусствосунун көргөзмөлөрү жана жарманкелер ачылган.

"Кыргызстан менен Россиянын тарыхы бир, достук мамилеси бекем өлкөлөр. Ошондуктан биз элдик оюн-зоок стилиндеги майрам уюштурууну чечтик. Бири-биризге руханий жактан көбүрөөк аралашуу дурус, андыктан биз Карамзиндин "Мамлекеттин коопсуздугу үчүн бир гана кара күч эмес, адеп-ахлак дагы керек" деген сөзүн слоган катары алдык. Бизди бириктирип турган жан дүйнө, салт-санаа тууралуу сүйлөшкүбүз келди", — деди фестивалдын уюштуруучусу Галина Кетова.

Кыргызстанда быйыл биринчи ирет Россия күнү масштабдуу түрдө белгиленип жатканы айтылат.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу бардык салтанат таза абада, Бишкек, Каракол, Кант, Кара-Балта шаарларында өттү.

92
Белгилер:
фестиваль, концерт, майрам, Россия күнү
Тема боюнча
Бишкекте Россия күнү белгиленип жатат. Сүрөттөр
"Русский мир" фестивалында көк бөрү мелдеши өтөт
Өспүрүм бала. Архив

Акыйкатчы институту: Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болду

0
Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар өспүрүм көз жумуп, мындан улам өлкө акыйкатчысы аталган мекеменин жетекчисинин кызматтан четтетилишин талап кылып жатат. Бул тууралуу окуяны өз көзөмөлүнө алган Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. КР Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдоду", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан.

"Якуниндин трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалым каттар бар. Дагы бир маанилүү нерсе, 2020-жылы февралда КР Акыйкатчы аппаратынын балдарды коргоо бөлүмү балдар мекемелерине, анын ичинде Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө да мониторинг жүргүзгөн эле. Жыйынтыгында бир катар сунуштамалар берилген. Бирок алар өз убагында аткарылган эмес. Бул фактылар боюнча да күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден кошумчалашкандай, бул фактыны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган окуя боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, маселени Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова өз көзөмөлүнө алды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

0
Белгилер:
иликтөө, Акыйкатчы институту, өлүм, өспүрүм, балдар үйү
Тема боюнча
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди