КМШнын абадан коргонуу күчтөрү НАТОнун чагымдарына каршы биригүүгө даярбы? Видео

186
КМШ өлкөлөрү абадан кол салуучу системалардын кармашка даярдыгын текшерип жатат. Манёврларды Россия, Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан өлкөлөрү бир учурда жасоодо.

Бул мамлекеттердин аба мейкиндиктеринде истребителдер айланып учуп, ар кыл сценарий менен машыгууларды өткөрүүдө. Алар: бирде душмандын учактары Шериктештиктин аймагына кирип келсе, кээде аба кемелерин уурдай качкан учурлар кездешет. Экипаж жагымсыз нерселер менен кантип күрөшүп, учкучтарга жерден туруп алып кимдер жардам берип жаткандыгын жана машыгуу НАТО күчтөрүнө кандай жардам берерин биздин төмөнкү видеодон көрүүгө болот.

186
Белгилер:
асман, учак, машыгуу, Россия, НАТО, КМШ
Тема боюнча
АКШ тик учактарынын пилоттору Ми-24 менен согушууга мажбур. Себеби эмнеде?

Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео

208
(жаңыланган 16:13 29.09.2020)
Тоолуу Карабахта чатак кайрадан ырбады. 27-сентябрда таанылбаган республикада куралдуу кагылышуу башталып кетти.

Тирешкен Армения менен Азербайжан бири-бирин чагымчылдыкка күнөөлөп жатат. Эки жак тең каршылаш тарап кол салып, кайра чабуул жасоого мажбур кылды деген билдирүү таратты. Анын кесепетинен жай жарандар менен аскерлер көз жумду.

ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү

Мындай тирешүү Карабахта 1994-жылдан бери кайталана элек болчу. Анда согуштук кагылышуу токтоп, бирок конфронтация уланып келе жаткан. Юридикалык жактан алганда Тоолуу Карабах Азербайжандын жери. Анткен менен 1991-жылы референдумдун негизинде республика өзүн көз карандысыз деп жарыялаган. Бирок анын көз карандысыздыгын дүйнө азыркыга чейин тааный элек. Эзелтен бери Карабахта армяндар көбүрөөк санда жашап келет. Талаштуу аймактагы курчуган азыркы абал тууралуу биздин видеодон көрүңүз.

208
Белгилер:
өлүм, атышуу, согуш, чатак, Армения, Азербайжан, Тоолуу Карабах
Тема боюнча
БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы абалды талкуулай турганы айтылды
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү
Карабах чыры: Түркия Азербайжанга жан үрөсө, РФ эч кимди кийлигишпөөгө чакырды

Жээнбеков менен Путиндин Сочидеги жолугушуусу. Видео

174
(жаңыланган 23:48 28.09.2020)
Өлкө башчылары Сооронбай Жээнбеков жана Владимир Путин Сочи шаарында КР жетекчисинин жумушчу иш сапарынын алкагында жолуккан. 

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстан ар дайым Россиянын чыныгы дос, союздаш, өнөктөш катары колдоосун сезе тургандыгын айткан.

"Муну өзгөчө башыбызга оорчулук түшкөн, кыйын учурда сездик. Сиздерден улам өлкөдөгү эпидемиялык абалды турукташтырдык жана Россияда иштеп, жашап жаткан биздин атуулдарга көмөк көрсөтүлдү", — деди КР президенти.

Жээнбеков Путинди дүйнөдө алгачкылардан болуп россиялык вакцинанын каттоодон өтүшү менен куттуктаган.

"Коронавирус илдетине каршы россиялык вакцина жакынкы аралыкта Кыргызстанда дагы жеткиликтүү болот деп үмүт артам", — деп билдирген Жээнбеков.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Мындан сырткары, Өнүктүрүү жана турукташтыруу боюнча Евразиялык фонддун Кыргызстандын экономикасын колдоо үчүн рекорддук насыяны — 100 миллион доллар бөлүп бергенине да ыраазычылыгын айтты.

Путин Россия эч качан башка өлкөлөрдүн ички саясатына кийлигишпей турганын, ошол эле учурда кырдаалды турукташтырууга жасалган аракеттерди дайыма колдой турганын айткан.

"Биз ар дайым өлкөдөгү абалды турукташтырууга аракет жасаган бийликти колдоп келебиз. Кыргызстанга дагы ошондой мамиле болот. Экономикалык жактан дагы колдойбуз", — деди ал.

Жолугушууда Жээнбеков Кыргызстанда кыргыз-орус мамилелерине доо кетирүүнү көздөгөн күчтөр бар экенин билдирди. Ошондой эле эки өлкөнүн кылымдар далилдеген достук мамилесин баалай турганын кошумчалаган.

174
Белгилер:
ыраазычылык, жардам, жолугушуу, Владимир Путин, Сооронбай Жээнбеков, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Россия Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина жөнөтүүнү көздөп жатат
Женевадагы БУУнун имараты. Архивдик сүрөт

БУУнун Коопсуздук кеңеши Карабахтагы эрегиш боюнча билдирүү жасады

0
(жаңыланган 10:10 30.09.2020)
Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада тирешүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды.

БИШКЕК, 30-cен. — Sputnik. Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Тоолуу Карабахтагы жаңжалдын айланасында ири масштабдуу согуштук аракеттер жөнүндө билдирүүлөр айтылып жатканына тынчсыздануусун билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин төрагасы Абду Абарри кеңештин мүчөлөрү талкуунун жыйынтыгында ушундай чечимге келгенин айткан.

"Алар (Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү — ред.) күч колдонулушун катуу айыптап, адамдардын набыт болушуна өкүнүүсүн билдиришти", — деп айткан Абарри.

Армения менен Азербайжандын башчылары телеэфирде катуу билдирүү жасашты

Коопсуздук кеңеш Армения менен Азербайжанды тез арада эрегишүүнү токтотуп, алдын ала шарт койбой сүйлөшүү жолуна түшүүгө чакырды. Ошондой эле Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында толук колдоо боло турганын билдирген.

Карабахтагы жаңжал

27-сентябрга караган түнү Армения менен Азербайжан чектешкен аймактагы өзүн-өзү эркин деп жарыялаган Тоолуу Карабах Республикасында аскердик кагылышуулар башталган. Мунун келип чыгышына тараптар бири-бирин күнөөлөп жатат. 28-сентябрь күнү эртең менен эки тараптан тең жүздөгөн аскерлер жарадар жана каза болгону айтылды. Армения өз аймагында аскердик абал жарыялады.

Белгилей кетсек, Карабах чыры 1988-жылдын февраль айында башталган. Анда Карабах автономдуу облусу Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жар салган. 1992-1994-жылы куралдуу тирештин жыйынтыгында Азербайжан Карабахты колдон чыгарган. 1992-жылдан бери бул кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу боюнча Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) Минск кеңешмесинин алкагында сүйлөшүүлөр жүрүп келет. Анда Азербайжан өз аймагынын бүтүндүгүн көздөсө, Армения сүйлөшүүлөргө аралаша албаган Карабах Республикасынын кызыкчылыгын коргойт.

Кырдаал боюнча Кыргызстан өз позициясын айтып, эки тарапты тең тынчтык жолу менен сүйлөшүүгө чакырды. Аны менен катар маселени чечүү жолун издөөгө көмөктөшүү үчүн даярдыгын билдирди.

0
Белгилер:
Жаңжал, Азербайжан, Армения, Тоолуу Карабах
Тема боюнча
Тоолуу Карабах: Азербайжан менен Армения согушту токтотуп, кепке келеби. Видео
ЖККУ Карабахтагы абал боюнча тынчсыздануусун айтты. Башкы катчынын билдирүүсү