Салык кызматы Жалал-Абадда лицензиясыз 2 млн. сомдук сыраны тартып алды. Видео

Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматы Жалал-Абад облусунда рейддик салыктык контролдун жүрүшүндө ири партиядагы лицензиясыз алкоголдук продукцияны тартып алышты.

Тактап айтканда, лицензиясы жана тиешелүү документи жок сатуу максатында мыйзамсыз түрдө сакталып турган сыранын кампасы аныкталды. Ар кандай аталыштагы жана идиштеги баасы 2 миллион сомдон ашкан 38 062 бөтөлкө сыра алынды.

Ишкерге карата КР мыйзамдарына ылайык чаралар көрүлгөнү айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0