Эки жылан менен жаян балык бири-бирин жейм деп... Кызыктуу видео

1046
Индиялык натуралист Ганшьям Прасад Бханвер эки жылан менен жаян балыктын таң калычтуу күрөшүн видеого тартып алды.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, суудагы жылан балыктын куйругун тиштеп турса, ал балык таштын үстүндөгү башка жыландын башын жутууга аракет кылууда.

Ургаачысы үчүн кармашып... Шыптан кулаган Австралиядагы жыландардын сүрөтү

The Daily Mail агенттигинин жазганына караганда, жаян балыкты алгач жылан кармаган, бирок ал туйлап, кайра өзүн жутканга аракет кылган. Бул маалда экинчи жылан суудан чыга калып, жаяндын куйругун тиштеп коё бербей койгон.

Жарым сааттан кийин ылдыйдагы жылан, андан кийин балык бошоп, сууга кулап түшүшкөн. Натыйжада жаян аман-эсен сүзүп кеткен.

Кадрдагы жыландардын уусу жок экендиги, алар балык жана бакалар менен тамактанары айтылат.

1046
Белгилер:
видео, балык, жылан, Индия
Тема боюнча
Аляскада аюулар чаначтай семирип, араң басып калышты. Видео

Улуу Ата Мекендик согуштун кылым жашаган ардагери видео куттуктоо

106
(жаңыланган 22:36 26.09.2020)
Улуу Ата Мекендик согуштун Бишкек шаарындагы ардагерин туулган күнү менен куттуктап Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк келди.

Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат. Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.

  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Поздравить ветерана ВОВ Ивана Голикова с 100-летним днем рождения пришли Советник посольства России в КР Андрей Сургаев и Президент Русского культурного центра Гармония Александр Степанюк.
    Ал 1941-жылы майданга аттанган. Согуштан кийин алгач Четки Түндүктө "Дальстройдо" эмгектенип, 1955-жылы Кыргызстанга чегилген.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
  • Ветеран Великой Отечественной войны Иван Николаевич Голиков, который отмечает 100 – летний юбилей
    Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун президенти Александр Степанюк келди.
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков
1 / 3
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Бүгүн Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Иван Николаевич Голиков 100 жылдыгын белгилеп жатат.

"Фрунзе" заводунда жана Кажы-Сайдагы тоо-кенин байытуу комбинатында тогуз жыл иштеген. Согуштан кийин ал жерден советтик өнөр жай үчүн уран казышкан. Дагы 32 жыл Сибирде эмгектенип, ардагер эмгек жолун 77 жашында аяктаган. Сибирден кийин Кыргызстанга кайтып келген.

Ала-Бука: согуштун 94 жаштагы эки ардагерине автоунаалар белекке берилди. Сүрөт

Ардагерди куттуктоого Россиянын КРдеги элчисинин кеңешчиси Андрей Сургаев жана "Гармония" орус маданий борборунун жетекчиси Александр Степанюк келди.

"Иван Николаевич, сиздин Улуу Ата Мекендик согуш учурунда мекенибизди жана башка европалык өлкөлөрдү бошотуудагы эрдигиңизди урматтайбыз. Азыркы заман үчүн сизге рахмат", — деп Сургаев ыраазылыгын билдирди.

Туугандарынын айтымына караганда, Иван Николаевич көп жагымсыздыкты алып келген согуш туурасында эстегиси келбейт.

Ардагер элчиликтин ар дайым көңүл буруп турганына жана бүгүнкү куттуктоосуна ыраазылыгын айтты.

106
Белгилер:
куттуктоо, КР элчилиги, Россия, ардагер, согуш, Улуу Ата Мекендик согуш, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Концерт коюп барып, калып калган... Улуу Жеңишти жакындаткан кыргызстандыктар

Каарына карышкырлар чыдабай. Аюу жырткычтарды тамаксыз калтырды. Видео

467
(жаңыланган 20:57 26.09.2020)
Видео АКШнын Йеллоустон улуттук паркында тартылган. Карышкырлар үйүрү менен бизонго аңчылык кылышып, аны кармап жыгышкан. Аюу келип алардын олжосун талашкан.

Йеллоустондогу аюулардын салмагы 300 килограммга жетет. Ал эми жергиликтүү карышкырлар 5-6 килограмм чыгарын National Geographic Россия жазат. Кармашта аюу жеңүүчү болуп чыкты. Карышкырлардан өлгөндөрү болгон эмес.

467
Белгилер:
кармаш, карышкыр, аюу
Тема боюнча
Айкырып, эки аяктап тура калып кармашып... Канададагы аюулардын видеосу
Аэропорт Манас жанында кишилер. Архив

"Манас" аэропортундагы узун кезек. Жүргүнчү бүгүнкү окуяны сүрөттөдү

21
(жаңыланган 12:32 27.09.2020)
Аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

БИШКЕК, 27-сен. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропортунда бүгүн эртең менен жүргүнчүлөрдүн узун кезеги жаралды. Бул тууралуу Facebook баракчасынын "Кара тизме" тайпасына Черик Сыдыков аттуу колдонуучу жазды.

"27-сентябрь. "Манас" аэропорту. Бул жакта башаламандык орун алды. Бир эле эшик ачык. Аэропортко ушул эле эшик менен киргизип-чыгарып жатышат. "1,5 аралыкты сактагыла" дейт. Бир жакка учуп кетчүлөр болсо, аэропортко эртерээк келгиле. Болбосо учакка жетишпей калышыңар ыктымал", — деди Сыдыков.

Ал эми аэропорттун маалымат катчысы Алия Курбанова "бир эле эшиктен киргизип-чыгарып жатат" деген маалымат чындыкка дал келбей турганын айтты.

"Терминалда кирип-чыгуу үчүн өз-өзүнчө эшиктер бар. Ошол эле учурда аэропортко билети бар, бет кап тагынган, уча турчу жүргүнчүлөр гана киргизилет. Алар дезинфекциялоочу тоннелдер аркылуу өтөт. Бул иш-аракеттин баары коронавирус инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу максатында жүргүзүлүүдө. Биз адамдарды аралыкты сактоого чакырып жатабыз. Бирок аны баары эле аткарган жок. Ошондой эле жүргүнчүлөрдү коштоп келгендер да кезекке туруп алган учурлар катталып жатат", — деди Курбанова.

"Манас" эл аралык аэропорту бардык жүргүнчүлөрдү жүргүзүлүп жаткан иш-аракеттерге түшүнүү менен мамиле кылуусун суранып, уча турчуларды аэропорттун аймагына эртерээк келүүгө чакырды.

21
Белгилер:
коронавирус, видео, кезек, аэропорт, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Өзбек авиакомпаниясы Бишкекке каттамдарын 1-октябрдан тарта көбөйтөт