Чоң ката. Германия "Түндүк агым 2" курулушун токтотуу талабын сындады

223
(жаңыланган 18:18 12.09.2020)
"Түндүк агым — 2" — Балтика деңизи аркылуу Россиядан Европага кеткен газ түтүгүнүн долбоору. Анын кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр деп боолголонууда.

Германия Алексей Навальныйдын ууланышы боюнча делген иштен улам "Түндүк агым — 2" газ түтүгүнүн курулушун токтотуу талабын сынга алды. Бундестандын экономика жана энергетика комитетинин башчысы Клаус Эрнстин айтымында, Европаны газ менен камсыздоочу долбоордун токптоп калышы чоң ката болот.

"Бул Германия менен Европанын кызыкчылыгына таптакыр каршы келет", — деген ал RT Deutsch агенттигине маек куруп жатып.

Үстүбүздөгү жылдын 20-августунда учакта баратып саламаттыгы начарлаган Алексей Навальный Омск шаарындагы ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк Навальныйды учак менен Германияга жеткиришкен. Шаршемби күнү ГФР өкмөтү аскер дарыгерлерине таянуу менен Навальный "Новичок" тобундагы уу менен ууландырылганын айтып, бирок эч кандай далил келтирилген эмес.

"Түндүк агым – 2нин" тагдырын "Новичок" чечеби? Геосаясаттын кезектеги көшөгөсү

"Түндүк агым — 2" — Балтика деңизи аркылуу Россиядан Европага кеткен газ түтүгүнүн долбоору. Анын кубаттуулугу жылына 55 миллиард куб метр деп боолголонууда. Курулушка АКШ, Польша жана Балтика өлкөлөрү коопсуздукка жана улуттук кызыкчылыкка доо кетирет деген жүйө менен каршы болуп келишет. Ал эми Россия мындай дооматтар негизсиз экенин айтууда.

223
Белгилер:
Санкциялар, курулуш, долбоорлор, түтүк, газ, Германия, Европа, Россия
Тема боюнча
Батыш өзүн-өзү кыйратууга чамындыбы? Ой толгоо
Соодада кастык жок. АКШ Россиядан рекорддук көлөмдөгү мунай сатып алды

Финполдун кызматкерлери майрамга карата кыргыз тилинин гимнин ырдашты. Видео

59
(жаңыланган 18:15 23.09.2020)
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик тил күнүн белгиледи. Анын алкагында кызматкерлер кыргыз тилинин гимнин аткарышты.

Финполдун маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекеттик тил майрамы быйыл онлайн түрүндө өткөрүлгөнүн билдирди.

"Кызматкерлер тилге байланыштуу ар түрдүү видеотасмаларды тартышып, ошондой эле ыр, сүрөттөр жана көркөм окууларды даярдашты. Кыргыз тил майрамын белгилөө кызматкерлерди ынтымакка чакырып, ар бир атуулдун рухун көтөрүп, келечекке сабак болуп жана тарыхыбызды сүйүүгө, сыйлоого үйрөтөт", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео

Ошондой эле Финполдун жетекчилиги Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң көңүл буруп келери кошумчаланган.

Кыргызстанда 1989-жылдан бери 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленет.

59
Белгилер:
аткаруучу, гимн, кыргыз тили, кызматкер, финансы полициясы
Тема боюнча
Жээнбеков элди Мамлекеттик тил күнү менен куттуктап, максаттары тууралуу айтты

АКШнын "Түндүк агым 2" долбооруна каршы коалициясы курулушту токтотобу? Видео

49
(жаңыланган 17:18 23.09.2020)
АКШ "Түндүк агым – 2" өткөн газ куурунун курулушун токтотуу боюнча жаңы ыкма ойлоп тапты. Мамлекеттик департаменттин башчысы Майк Помпео америкалыктар коалиция түзүүгө камынып жаткандыгын айтты.

Россия муну АКШнын кезектеги согушту чыгаруу аракети катары баалады. Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Константин Косачев Вашингтон менен коалиция болгон жерде дайыма согуш чыгарын айтты. Ал эмне үчүн мындай бүтүм чыгарды жана АКШ Европага орустардын отунунун ордуна өзүнүн суюлтулган газын сунуштай алабы? Буга жооп алыш үчүн биздин видеону көрсөңүз болот.

49
Белгилер:
Газ түтүгү, газ, Германия, АКШ, Россия
Тема боюнча
Россия Германияга кол суна албайт. Учурдагы жагдайга сереп
Бир рубль монетасы жана долларлык монета жана купюрасы. Архив

Россияда доллардын баасы кескин кымбаттап кетти

0
(жаңыланган 00:14 24.09.2020)
Доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Россияда апрель айынан бери биринчи жолу доллар 77 рублге чыгып, кескин кымбаттады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Москва биржасынын маалыматына караганда, бир доллар Бишкек убактысы боюнча саат 20:24тө 77,07 рублди түздү (96 тыйынга кымбаттады). Ал эми евро 80 тыйынга кымбаттап, 89,93 рубль болду.

Белгилей кетсек, доллардын сомго карата баасы сезилерлик өзгөргөн жок. Анткен менен Россия акчасынын наркы түшүп кетиши, доллардын Кыргызстандагы баасына таасир этип койгон учурлар көп.

0
Белгилер:
баа, доллар, Россия
Тема боюнча
Россияда евронун баасы рекорддук көрсөткүчкө жетти. Кыргызстанда абал кандай?