Тумшукка тээп, жыга чаап… UFC Fight Night 177 мелдешинин ирмемдери видеодо

193
(жаңыланган 15:38 13.09.2020)
UFC 13-сентябрда Лас-Вегаста өткөн мелдештин урунттуу учурларынын видео жыйнагын чыгарды. Ал эс тандырган соккулар, катаал нокауттар менен коштолгон.

Мелдештин кызыктуу учурлары UFC Russia YouTube каналына жарыяланды.

Кеченин башкы окуясы Мишель Уотерсон менен Анжела Хиллдин кармашы болду. Беттеште 34 жаштагы Уотерсон калыстардын чечими менен жеңүүчү деп табылган. Эки мушкер кыз да АКШнын атынан чыккан.

Атаандашын оодара тээп, нокаутка түшүргөн мушкер UFC уюмуна чакырылды. Видео

Молдовалык алп мушкер Александр "Кинг Конг" Романов UFC уюмундагы дебюттук беттешинин экинчи раундунда Роки Мартинести багынып берүүгө аргасыз кылганы менен көзгө көрүндү. 29 жаштагы Романов 12 беттеш өткөрүп, баарын нокаут менен жеңген.

Кеченин дагы беттешинде Оттман Азайтар (Германия) менен Хама Ворти (АКШ) кезикти. Биринчи эле раундда нокаут менен Азайтар жеңишке жетти.

193
Белгилер:
мелдеш, нокаут, UFC
Тема боюнча
Кыргызстандык мушкерлер Хабибдин атасына арналган турнирге катышты. Видео
Атаандашын оодара тээп, нокаутка түшүргөн мушкер UFC уюмуна чакырылды. Видео

Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

137
(жаңыланган 13:00 22.09.2020)
Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

Окуя 17-сентябрь күнү Ченнай шаарында болгонун Times of India агенттиги жазды. Эл көчөдө премьер-министр Нарендра Модинин туулган күнүн белгилеп жаткан. Уюштуруучулар бир боого байланган 100дөй шардын жанында фейерверк аттырып, жыйынтыгында шарлар жарылып кеткен. Видеодон ошол маалда кадимкидей жалын чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кара түтүн менен кызыл жалын каптап... Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Видео

Кырсыктан 30дай кишинин ар кайсы жери күйүп, ооруканага кайрылышты. Жергиликтүү бийлик мындай иш-чарага уруксат берилбегенин айтууда.

137
Белгилер:
жабырлануучу, жарылуу, Индия
Тема боюнча
Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык жигит ооруканага түштү
Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда

Грузиядагы "Татыктуу өнөктөш-2020" аяктады. НАТО аскерлери өлкөдө эмне кылды

66
(жаңыланган 10:17 22.09.2020)
Грузияда "Татыктуу өнөктөш-2020" машыгуусу аяктады. Маневрларга катышуу үчүн 3 миңге чукул адам Польша, Франция, Улуу Британия, АКШ жана Грузиянын өзүнөн тартылды.

АКШнын Грузиядагы элчиси өлкөлөр биргелешкен күчтөр менен аскердик даярдыгын жакшыртып жана Кара деңиз аймагындагы коопсуздук абалды колдоо максатын көздөгөндүгүн айтышты. Бирок мындай билдирүүнүн артында эмне жатат? Эмне үчүн НАТО аскерлери окутуу жүргүзүүдө Грузияны тандап алган. Россия бул машыгуулар туурасында кандай ойдо? Суроолорго видеодон жооп алууга болот.

66
Белгилер:
Аскер, машыгуу, Кара деңиз, НАТО, Грузия, АКШ, Россия
Тема боюнча
"Аскердик күчтөр топтолуп...": Норвегияда эмне болуп жатат?
РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук. Архивдик сүрөт

КР РФ эриш-аркак жылын жыйынтыктоону 2021-жылга жылдыруу сунушталды

0
(жаңыланган 17:29 22.09.2020)
РФ вице-премьери пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгү өткөрүлбөй калганын белгилеген.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылына арналган иш-чаралардын бир бөлүгү 2021-жылга жылдырылат. Бул тууралуу РФ өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук билдирди.

Бишкекте соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча кыргыз-россия өкмөттөр аралык комиссиясынын 22-жыйыны өтүп жатат. Оверчук бүгүнкү сүйлөшүүлөр кыргыз-орус кызматташтыгын жогорку деңгээлге чыгарууга өбөлгө болоруна ишенерин айтты.

Бакашева: эриш-аркак жылдын алкагында мерчемделген 30дай иш-чара жылды

Ал пандемиянын айынан пландалган 220 иш-чаранын көпчүлүгүн өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбой калганын белгилеген.

"Мамлекеттик органдар бул багытта тыгыз иш алып барышыбыз керек. Кырдаалды эске алуу менен эриш-аркак жылынын жабылышын 2021-жылга жылдырууну сунуштайбыз", — деди Оверчук.

Өз кезегинде Кыргызстандын вице-премьери Эркин Асрандиев мындай сунушту колдоп, абал турукташкандан кийин ири иш-чараларды өткөрүүгө шарт түзүлөрүнө үмүт артты.

0
Белгилер:
Кыргызстан, Россия, иш-чара
Тема:
Кыргызстан менен Россиянын эриш-аркак жылы
Тема боюнча
Бишкекте Кыргыз-Россия өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны башталды
Кыргыз-орус өкмөт аралык комиссиянын отуруму. Тексттик баяндама
Комуздун коштоосундагы орусча ырлар. Бишкекте Россия күнү белгиленди. Видео