Тоодой болуп, түрмөктөлүп. Анкарадагы кооптондурган кумдуу шамалдын видеосу

Жазылуу
Адистердин айтымында, кум аралашкан чаңды Анкаранын шамалы Аравия жарым аралынан учуруп келиши мүмкүн.

Түркиянын борбор калаасында кумдуу шамалдан бери болгондо алты киши жабыркады.

Жаратылыштын бул кубулушун Полатлы районунан тартып алышкан. Кадрларды Anadolu өзүнүн YouTube каналына жарыялады.

Кинодогудай кооптуу! Стамбулдагы адам өмүрүн алган куюндун видеосу

Анда түрмөктөлүп каптап келе жаткан кум менен чаңды көрүүгө болот. Ал кандайдыр бир деңгээлде кинофильмдердеги апаатты элестеткен.

Кумдуу шамал шаардын кай бир жерлеринде автотыгын жаратып, ондогон имараттардын чатырларын алып кеткен. Андан сырткары, электр кубатын берген линиялар үзүлгөн.

Адистердин айтымында, кум аралашкан чаңды Анкаранын шамалы Аравия жарым аралынан учуруп келиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0