Куйругуна таяна калып... Тажаалданган кенгурулардын мушташкан видеосу чыкты

356
(жаңыланган 10:10 14.09.2020)
Видеодо кенгурулар бири-бирин бети-башка чапкылап, куйругуна таянып атаандашын ичке тээп жатканын көрүүгө болот.

Австралияда бири-бирин бетке, башка чаап, ичке тепкен кенгурулардын видеосу интернетке чыкты. Мындай кызыктуу окуяны "Известия" басылмасы жарыялады.

Перт шаарында болгон жаныбарлардын мушташын окуянын күбөлөрү видеого тартып алышкан.

Бири-бирин челип "мушташа кеткен" бизондор жол кыймылын бууп койду. Видео

Анда кенгурулар бири-бирин бетке, башка чапкылап, куйругуна таянып калып эки буттап тепкилешип жатканын көрүүгө болот.

Видеого карата ар кандай комментарийлер айтылган. Айрымдар бул Австралияда кадыресе көрүнүш экенин айтса, кээси эркек кенгурулар куут мезгилинде ургаачыларын талашып мушташат деген.

Кенгурулардын бул мушташын полиция токтотконуна кызыккан комментарийлер да айтылган.

356
Белгилер:
Австралия, мушташ, кенгуру
Тема боюнча
Капыстан болгон "кырсык". Кенгурунун күлкү келтирген видеосу
Кенгуруну жута албай кыйналган питон. Жырткычка үй кожейкеси жардамдашты

БУУнун Коопсуздук кеңешин кеңейтүү... Тынчтыкты сактоо үчүн эмнесин калтыруу зарыл?

11
БУУга мүчө-өлкөлөрдүн лидерлери уюмду жаңылоодо. Башкы ассамблеянын мааракелик отурумунда реформалоо боюнча бир нече сунуш түштү.

Быйыл Бириккен Улуттар Уюмуна 75 жыл толду. Ага мүчө-өлкөлөр бир катар жерлерин өзгөртүүнү чечишти. Дүйнө башкача боло баштады, түзүм өзгөрдү. Эмне болгон күндө да, өзгөрүү баары бир жакшы жакка алып бара турган ыңгайлуу учур. Маселен, Владимир Путин вето укугун сактоону сунуштады. Дүйнөдө туруктуулукту сактоо эмне үчүн маанилүү деген суроого төмөнкү видеодон жооп алууга болот.

11
Белгилер:
Владимир Путин, БУУнун Башкы Ассамблеясы, БУУ, Россия
Тема боюнча
Путин: БУУ бир орунда катып калбай, заманга ылайыкташуусу керек

Бишкек: түрттүрүлө турган легендарлуу "Ак куланын" азыркы көрүнүшү. Видео

68
(жаңыланган 19:21 24.09.2020)
Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган. Окурмандар бул видеодон ири спорттук-ат оюндары өткөн легендарлуу жайды көрө алат.

Айтмакчы, жаңы аренанын долбооруна тендер жарыяланган. Шаар бийлиги архитекторлорду, дизайнерлерди, конструкторлорду жана долбоорчуларды жарыяланган сынакка катышууга чакырып жатат. Мэриядан учурда ат майдан авариялык абалда деп бааланып жаткандыгын айтышты.

Кайран "Нарын"! Чаң арасында калып... ресторан түрттүрүлө баштаган видео

Маалымат кызматы киши отурчу жерлердин санын көбөйтүп, ат майданды реставрация жана реконструкция кылууга мүмкүн эместигин түшүндүрүп берди. Сентябрдын башында өкмөт ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алган. Ордуна жаңысын тургузуу пландалып жатат.

  • Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Азыркы ипподром 1947-жылы салынган.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  • Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Ал спорттук - ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
  •  Вид на ипподром Ак-Кула в Бишкеке, где проводились конноспортивные игры
    Долбоордун автору беларуссиялык архитектор Владимир Нусов болгон.
    © Sputnik / Акылбек Батырбеков
1 / 4
© Sputnik / Акылбек Батырбеков
Сентябрдын башында ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготкону жана аны түрттүрүү боюнча чечим кабыл алынган.

Азыркы ипподром 1947-жылы салынган. Ал спорттук - ат оюндары өткөн бирден бир ири аянтча болгон. Долбоордун автору беларуссиялык архитектор Владимир Нусов болгон. Ал кыргыздардын маданий өзгөчөлүгүн чагылдырган жана мезгилге үндөш имарат кургусу келген.

Ачылгандан кийин ипподромго кызыгуу артып, ат оюндарын өнүктүрүү үчүн ипподромдун алдында мектеп, ветеринардык жай жана жатакана ачылган. 2000-жылдын башында республикалык маанидеги тарыхый жана маданий архитектуралык эстеликтердин мамлекеттик тизмесине киргизишкен. Ипподром Бишкек шаарындагы Термечиков, 1 дарегинде жайгашкан. Башкы планга ылайык, ал жер кайтаруудагы № 43 аймакка кирет.

Бишкектеги "Ак кула" ат майданы кантип жаңыланат? Эскиз

"Ак кула" ипподрому улуттук спорттук ат оюндарынын бардык түрлөрүн жана спорттук мелдештерди (республикалык жана эл аралык) өткөрүүгө ылайыкталган. Анын аймагында ат чуркай турган ипподром талаасы жана машыга турган жерлер бар. Былтыр шаар бийлиги ат майданды оңдоп-түзөө зарылдыгын айтышты. 2020-жылы ипподромдун имаратынын начар акыбалынан улам республикалык маанидеги тарыхый архитектуралык эстелик макамын жоготту деп таанышкан. Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун бүтүмүндө "кире бериштеги аркалар жана трибунадагы негизги имарат жана бир катар жайлар советтик архитектуранын образын берип турат", бирок "башкы фасад кеч жасалгалангандыктан эстеликтин баштапкы көрүнүшүн бузуп койгон", ал эми "имараттын бир топ конструкциялары кулай турган абалга жеткен" деп айтылган.

Шаар бийлиги бул жайды түрттүрүп салып, ордуна спорттук жаңы комплекс тургузарын билдирди.

68
Белгилер:
сынак, долбоорлор, түрттүрүү, "Ак-Кула" ат майданы, Бишкек
Тема боюнча
Ушунуңар уят эмеспи! Көк бөрү күйөрмандары жана ат майдандагы таштанды. Сүрөт
Медицинский работник поправляет постель пациента с коронавирусом в больнице Сан-Рафаэль в Санта-Текла, Либертад, в 10 км от Сан-Сальвадора, 11 июня 2020 года

Быйыл кыргызстандыктар Түркиядан бекер дарылана алабы? Министрликтин жообу

0
(жаңыланган 20:46 24.09.2020)
Жыл сайын бөлүнгөн квота аркылуу кыргызстандыктар Түркиядан жогорку технологиялык жабдыктар колдонулган операцияларды жасатчу.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Түркия кыргызстандыктардын бекер дарылануусу үчүн квота берүүнү белгисиз мөөнөткө жылдырды, ошондой эле быйыл жарандар мындай мүмкүнчүлүккө ээ болбой турганы так белгилүү болду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиев билдирди.

Белгилей кетсек, Түркия өкмөтү жыл сайын кыргызстандык бейтаптарга оор операцияларды жасатуу үчүн 150 квота бөлүп берет. Жазында коронавируска байланыштуу мамлекеттер авиакаттамдарын токтоткон болчу. Эпидемиологиялык абал турукташып келе жатканына байланыштуу Кыргызстан менен Түркия августтун орто ченинде кайрадан аба байланыштарын жандантты.

Түркия берген квотага кезек күткөндөрдүн саны көп экендиги белгилүү. Буга байланыштуу Sputnik агенттиги быйыл кыргызстандыктар ал жактан дарылана алар-албастыгын сурады.

Түркия Кыргызстандагы парламенттик шайлоого 100 миң доллар бермей болду

Министрликтин Эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси Осмон Масалиевдин айтымында, Түркия бул маселе боюнча эки ирет жооп кайтарган. Биринчисинде 19-мартта аталган өлкө Бишкектеги элчилиги аркылуу КР ТИМине нота жиберип, коронавируска байланыштуу квота берүү макулдашуусу белгисиз убакытка токтотулганын билдирген. Ошондой эле 24-августта түрк тилдүү мамлекеттердин кеңешинин онлайн жолугушуусунда бул боюнча кеп козголгон.

"Ал жыйында оорулуулар квотаны күтүп жатат, жандантсаңар жакшы болот эле, биз үчүн бул маанилүү деп айттык. Бирок Түркия коронавирустун болжолдуу экинчи толкунуна байланыштуу ушул жылы Кыргызстанга гана эмес, башка мамлекеттерге дагы бекер дарыланууга шарт түзүп бере албай турганын билдирди", — деди Масалиев.

Ошондой эле министрликтин өкүлү азырынча кийинки жылы макулдашуу жанданары белгисиз экендигин кошумчалады.

КРге квота бөлүп берген жалгыз өлкө — Түркия

Саламаттык сактоо министрлигинин билдиришинче, Кыргызстан татаал операцияга муктаж жарандарды чет мамлекетте акысыз дарылатуу максатында бир нече өлкө менен жолугушуу уюштуруп, бирок майнап чыккан эмес. Себеби мамлекеттер көп чыгымга учурай турганын билдиришкен.

2014-жылы Түркия кыргызстандыктарды бекер дарылоого кол сунган. Башында жыл сайын 100 квота, ал эми былтыртан баштап 150гө чейин көбөйткөн. Өкмөттүн токтому боюнча, 50 бейтап Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан, ал эми дагы 100 бейтап Түркиянын Бишкек шаарындагы элчилиги тарабынан тандалат.

Квота боюнча Кыргызстандын бейтапканаларында жасаганга мүмкүн болбогон жана жогорку технологиялык жабдыктардын жардамы менен ишке аша турган операциялар жасалат. Министрликте кайсы ооруга квота берсе болот же болбойт деген тизме жок. Ар бир бейтаптын арызы жекече каралат. Жаш курак чектелбейт.

Кыргызстандагы эң кымбат 10 операция! Акчасы жана жасала турчу органдар

Квотанын алкагында абдан шашылыш жардам көрсөтүүнү талап кылган оорулар (инсульт, жаракат алуу), реабилитациялык жана узак мөөнөттүү дарылоону талап кылган илдеттер каралган эмес.

Түркиянын мамлекеттик бейтапканаларында дарылоо акысыз жүргүзүлөт. Бирок жол кире, мейманкана, тамак-аш, күнүмдүк чыгым, медициналык камсыздандыруу, медициналык кагаздарды англис жана түрк тилдерине которуу, ошондой эле котормочу жалдоо үчүн каражат бейтап тарабынан төлөнөт. Органын алмаштырам (трансплантация) деген бейтаптын донору, ага тиешелүү медициналык изилдөөдөн өткөн кагаздары даяр болушу керек.

Квота аркылуу дарыланууну көздөгөн бейтаптар Саламаттык сактоо министрлиги менен Түркиянын КРдеги элчилигине кайрылат.

0
Белгилер:
бейтап, коронавирус, квота, дарылоо, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Эки ай дешти. Ак канга чалдыккан наристесине жардам сурап карайлаган атанын маеги