Бир метрден гол киргизе албай уят болгон футболчу талоондо калды. Видео

Жазылуу
Футболчу Астер Вранкс Бельгия чемпионатынын бешинчи турундагы оюнда бир метр аралыктан бош дарбазага гол киргизе албаган окуясы менен талкууга алынды.

Мындай акылга сыйбаган окуя "Мехелен" жана "Остенде" клубдарынын беттешинде болгон. Оюндун 67-мүнөтү жүрүп, эсеп 0:0 болуп турганда талаа ээси болгон команданын оюнчусу Астер Вранск дарбаза мамысынан кайткан топко биринчи болуп жетип, бир метр аралыктан бош дарбазага тебе албай калган. Ал тепкени жатканда жаза басып, топ бутунун астында калып, өзү кулап түшкөн. Ордунан тургуча атаандаштын коргоочусу келип, топту алыс тээп салган.

Россиялык футболчу бош калган дарбазага гол киргизе албай койду. Видео

Бул ката үчүн команда жеңилүү менен жазаланды. Кошумча берилген убакытта остенделиктер гол киргизип, жеңишти илип кетишкен.

Футболчу Астер өзү көңүлүн чөктүрбөстөн, чыйраларын билдирди.

"Мен үчүн аябай өкүнүчтүү окуя болду. Бирок бул үчүн чөгүп кетпейм", — деген Астер Вранкс беттештен кийин.

Ал арада "Мехелендин" күйөрмандары футболчунун бул жоругун кечиримсиз деп белгилешип, соцтармакта талоонго алышкан.

Анда "Бул чегип алып ойногонбу?!", "Балакай, сен футболго жарабайт экенсинң, McDonalds ашканасынын кассасына бар, ал жакта сендейлерди издешет", "мындай жакынкы аралыктан менин чолок чоң апам да киргизмек, бирок ал жок да" деген бирдирүүлөр бар.

Окуя боюнча видеого комментарий калтырган күйөрмандардын көпчүлүгү Вранкстин учурун "жылдын жаза кетирүүсү" деп аташкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0