Пентагон америкалыктарды эмнеге ири согуш менен коркутуп жатат. Видео

Жазылуу
АКШнын Аскер-аба күчтөрүнүн жаңы жетекчиси Чарльз Браун жасаган докладдарынын биринде америкалыктар ири согушка даярданышы керектигин эскертти. Анын айтымында, окуя өздөрүнүн жеринде болуп калышы ыктымал.

Аткаминердин пикиринде, АКШ кубаттуу держава менен кагылышып, ал эми чатактагы жоготуу дүйнөлүк экинчи согуштагы масштабдай болушу мүмкүн. Браун каршылаштарды мурдатан айтылып жүргөндөй эле Россия, Кытай деп атап, алардын согуштук мүмкүнчүлүгү болуп көрбөгөндөй өсүп жатат деп баа берди.

Баарынан кызыгы, генерал тобокелдикти азайтуу үчүн бюджети ансыз деле ири масштабга жеткен коргонуу тармагын каржылоону бул сапар да көбөйтүүнү сунуштап жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0