Биз өлкөлөрдү бириктиребиз. Лидов-Петровский "Ты — супер!" шоусу тууралуу. Видео

Жазылуу
"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин жетекчиси долбоордун бардык катышуучуларына ийгилик каалады.

"Россия сегодня" эл аралык агенттигинин башчысы Петр Лидов-Петровский "Ты — супер!" шоусу тууралуу пикирин билдирип жана анын катышуучуларына кайрылды.

Жетекчинин айтымында, аталган сынак абдан эле ири социалдык маселени чечип, көптөгөн өспүрүмдөргө өзүнө болгон ишенимди жаратууга жана бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берет.

Эске салсак, буга чейин бир нече бала аталган сынакка катышып, ийгилик жаратып, чоң сахнада талантын сынап көргөн. Бул долбоорго катышуу алардын жашоосуна кадимкидей оң таасирин тийгизген. Былтыр россиялык бизнесмен Михаил Гуцериев "Ты — супер!" шоусунун финалына катышкан 12 балага бирден батир белек кылган учур да бар.

"Ты супер!" финалына чыккан балдар үйлүү болушту. Ыйлаткан видео

Лидов-Петровский шоунун бардык катышуучулары көптөгөн ийгиликтерге жетип, өзүнүн тармагында бир топ өскөнүн, мыкты болгонун белгиледи.

Эл аралык "Ты — супер! Танцы" шоусун НТВ каналы Sputnik эл аралык маалымат агенттиги жана радиосу менен биргеликте уюштуруп келет. Бул сынак Россиянын, КМШнын жана Балтика боюндагы таланттуу балдардын башын бириктирип, аларга талантын элге алып чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

Сынактын быйылкы кезектеги туру 20-сентябрда НТВ каналында башталат.

Ага Кыргызстандан 18 жаштагы Карина Амринова катышмакчы.

"Ты — супер!" сынагына катышкан Карина Амринова: ар бир ырым апама арналат

"Ты — супер!" долбоорунун эң биринчи сынагына Кыргызстандан Урмат Мырсаканов катышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0