Индия: премьердин туулган күнүндө 100 шар жарылып кетип, адамдар жабыркады

322
(жаңыланган 13:00 22.09.2020)
Индияда бир боого байланган 100дөн ашык шар жарылып кетип, 30дай киши жабыркады. Учурда жабырлануучулар ооруканада жатат.

Окуя 17-сентябрь күнү Ченнай шаарында болгонун Times of India агенттиги жазды. Эл көчөдө премьер-министр Нарендра Модинин туулган күнүн белгилеп жаткан. Уюштуруучулар бир боого байланган 100дөй шардын жанында фейерверк аттырып, жыйынтыгында шарлар жарылып кеткен. Видеодон ошол маалда кадимкидей жалын чыгып кеткенин көрүүгө болот.

Кара түтүн менен кызыл жалын каптап... Бейрутта кайрадан өрт чыкты. Видео

Кырсыктан 30дай кишинин ар кайсы жери күйүп, ооруканага кайрылышты. Жергиликтүү бийлик мындай иш-чарага уруксат берилбегенин айтууда.

322
Белгилер:
жабырлануучу, жарылуу, Индия
Тема боюнча
Москвада көп кабаттуу үйдө жарылуу болуп, кыргызстандык жигит ооруканага түштү
Жарылуудан улам бир мамлекет жарыксыз калды. Теракт болгону айтылууда

Өкмөт мүчөлөрү ант берүү үчүн парламентке келди. Видео

149
(жаңыланган 14:00 28.10.2020)
Жогорку Кеңештин депутаттары "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына жыйынга чогулду. Бүгүн премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңы өкмөт мүчөлөрү ант берет.

Мыйзамдын нормаларына ылайык, жаңы өкмөт куралгандан кийин парламентке келип элдин алдында ант бериши шарт.

149
Белгилер:
Садыр Жапаров, өкмөт, ант, Жогорку Кеңеш
Тема боюнча
Бүгүн ЖК депутаттарынын мыйзамда белгиленген мөөнөтү аяктады

Бишкекте абаны булгаган автоунааларды аныктоо үчүн рейд жүрүүдө. Видео

171
(жаңыланган 14:47 27.10.2020)
Рейдге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери да чыгып жатканы кошумчаланды.

Абага зыяндуу заттарды нормадан ашык чыгарып жаткан автоунааларды аныктоо максатында борбор калаада атайын рейд жүрүүдө. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциядан билдиришти.

Маалым болгондой, Мамэкотехинспекциянын жетекчисинин тапшырмасы менен Бишкектеги экологиялык абалды жакшыртуу боюнча комплекстүү чара көрүү планы иштелип чыккан. Рейд ошол пландын алкагында жүрүп жатат.

Автоунаалардын зыяндуулугу газ анализдеген автотест ченегичтер менен текшерилип жатканы айтылды.

"Азыр көп автоунаалардын катализатор системасы жок. Бул атмосфераны булгайт. Ошондуктан абага чыгып жаткан зыяндуу заттарды азайтуу үчүн машиналарыңарга катализатор системасын орнотууңуздарды суранабыз", — деп айтылат маалыматта.

Бишкек: рейд учурунда коронавирустун жайылышына шарт түзгөндөр аныкталды

Рейдге Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери да чыгып жатканы кошумчаланды.

171
Белгилер:
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Мамлекеттик инспекция, зыян, автоунаа, тазалык, аба
Тема боюнча
Кыргызстандын шаарларындагы аба канчалык кир экени айтылды
Экс-депутат Эльвира Сурабалдиева. Архив

Эльвира Сурабалдиева вице-премьерлик кызматка киришти

38
(жаңыланган 14:29 28.10.2020)
Буга чейин өкмөт башчынын орун басарлыгын аркалаган Аида Исмаилованын талапкерлиги эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына сунушталып, колдоо тапкан эмес.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Эльвира Сурабалдиева Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Сурабалдиева вице-премьерликти ким сунуштап, кантип макул болгонун айтты

Эскерте кетсек, Сурабалдиеванын талапкерлигин алгач Жогорку Кеңештин тармактык комитети колдоп, андан соң депутаттар жалпы жыйында карашкан. Натыйжада эл өкүлдөрү өкмөттүн жаңы мүчөсү үчүн бир добуштан макул болушкан. Сурабалдиева Аида Исмаилованын ордуна келди, эми социалдык тармакты тескемекчи.

38
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, министр, вице-премьер-министр, Садыр Жапаров, Аида Исмаилова, Эльвира Сурабалдиева
Тема боюнча
Депутаттар Исмаилованы социалдык өнүктүрүү министри кызматына колдогон жок. Видео