Финполдун кызматкерлери майрамга карата кыргыз тилинин гимнин ырдашты. Видео

Жазылуу
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы Мамлекеттик тил күнүн белгиледи. Анын алкагында кызматкерлер кыргыз тилинин гимнин аткарышты.

Финполдун маалымат кызматы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу мамлекеттик тил майрамы быйыл онлайн түрүндө өткөрүлгөнүн билдирди.

"Кызматкерлер тилге байланыштуу ар түрдүү видеотасмаларды тартышып, ошондой эле ыр, сүрөттөр жана көркөм окууларды даярдашты. Кыргыз тил майрамын белгилөө кызматкерлерди ынтымакка чакырып, ар бир атуулдун рухун көтөрүп, келечекке сабак болуп жана тарыхыбызды сүйүүгө, сыйлоого үйрөтөт", — деп жазылат маалыматта.

Бишкек вице-мэри Мозгачева Мамлекеттик тил күнү менен кыргызча куттуктады. Видео

Ошондой эле Финполдун жетекчилиги Мамлекеттик тилдин өнүгүшүнө чоң көңүл буруп келери кошумчаланган.

Кыргызстанда 1989-жылдан бери 23-сентябрда Мамлекеттик тил күнү белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0