Арстанды сылай коём деген киши аз жерден колунан айрылып кала жаздады. Видео

417
(жаңыланган 17:36 04.10.2020)
Сенегалдагы (Африка) жергиликтүү Park Hann зоопаркында жумушчу тордун сыртынан жырткычты сылай коём деп аз жерден колунан айрылып кала жаздады.

The Sun басылмасынын жазганына караганда, эркек киши конокторго жакшы таасир калтырам деген ойдо капастагы арстанга колун салып жиберген.

Ургаачысы үчүн кармашып... Шыптан кулаган Австралиядагы жыландардын сүрөтү

Видеодон жырткыч бошонууга аракет кылып кыйкырып жаткан жумушчунун колун тартып жатканын көрүүгө болот. Ал ортодо зоопарктын кызматкери арстанды бир урганга үлгүрсө, окуянын күбөлөрү арстанга таш ыргыткан. Акырында арстан кишини коё берген.

Жабыркаган кызматчы медиктердин жардамын алган. Абалы тууралуу маалымат жок.

417
Белгилер:
видео, арстан, зоопарк, Африка
Тема боюнча
Арстандын беш гепарддын олжосун тартып алган видеосу

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

240
(жаңыланган 14:28 19.10.2020)
Жеринде куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп жатат.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де бир өрт куткаруу бөлүмү, 10:35те экинчиси тартылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын билдиришинче, саат 10:15тер чамасында Ала-Бука районунун Иштамберди аймагында иштеп жаткан Full Gold Mining (Фул Голд Майнинг) ишканасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда 30дан ашуун кызматкер куткаруучулар менен биргеликте өрттү өчүрүү менен алек.

"Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан. Цианид же химиялык зат күйүп жатат деген божомол чындыкка дал келбейт. ӨКМдин өрт боюнча чыгарган жыйынтыгы менен гана калган жагдайлар белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

ӨКМ алтын-кен ишканасына таандык имараттан чыккан өрт саат 12:30да чектөөгө алынганын билдирди. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылууда.

240
Белгилер:
өрт, алтын кени, ӨКМ, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

Түркия жаңы аскер техникасын "Тулпар" деп атады. Видео

262
(жаңыланган 11:04 19.10.2020)
Tulpar согуштук техникасын атайын даярдыктагы аскерлер жана жөө аскерлер пайдаланат. Жаңы муундун машинасы ыкчамдыгы менен айырмаланары айтылды.

Түркия жаңы чыгарган жөө аскерлер техникасына Tulpar (“Тулпар”) деген аталыш ыйгарды. Бул тууралуу аталган аскердик техниканы чыгарып жаткан Otokar компаниясынын башкы директору Сердар Гергүч “Анадолу” агенттигине берген маегинде билдирген. 

Сердар Гергүч аскердик техника “Манас” эпосундагы жоокерге жан жолдош болгон жылкы баласынын урматына коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, жаңы техника Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО ) стандарттарынын негизинде сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда Түркия президентинин администрациясынын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын колдоосу менен чыгарууга даяр турат.

Россия Канттагы базага абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотмокчу

“Бул аскер машинасы акыркы технологияларды колдонуу менен чыгарылган. Ал эң татаал климаттык шарттагы сыноолордон өткөн. Жаңы муундун техникасы ыкчамдыгы жана ок атуу артыкчылыгы менен айырмаланат. Учурда аны көп санда чыгарууга толук даярбыз. Бул Түркиянын жеке өзү чыгарган алгачкы аскердик техникасы”, — деген Гергүч.

Tulpar машинасын атайын даярдыктагы аскерлер жана жөө аскерлер пайдаланат. 

262
Белгилер:
аскердик-техника, Манас эпосу, Түркия
Тема боюнча
Кыргызстан "Танк биатлонуна" катышты. Видео
АКШнын Чикагосундагы Trump Tower имараты. Архив

АКШ: "Трамп" имаратында салаңдап турган кишинин Кыргызстандан экени айтылды

0
(жаңыланган 23:52 19.10.2020)
Окуя 13 саатка чукул созулган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары акциянын демилгечиси Black Lives Matter кыймылынын активисти Эдил Элиев аттуу жигит экендигин айтышты.

БИШКЕК, 19-окт. — Sputnik. АКШнын Чикагосундагы Trump Tower деп аталган көз жеткис бийик имаратта 13 саат бою аркан менен байланып, салаңдап турган адамдын полицияга багынып бергенин Chicago Tribune жазды.

Буга чейин коомдук тартипти бузган киши асман тиреген имараттын 16 кабатынан белине аркан байланып алып, жекшембиден тарта, болжол менен саат 17:30дан бери илинип тургандыгын жазган. Ал АКШ президенти Дональд Трамптын өзү менен жолугууну ниет кыларын, болбосо өзүн бийиктен таштап жибере тургандыгын айтып коркуткан.

Буту тайып... Бийик имараттын кырында туруп кулап кеткен жигиттин видеосу

"Абал сүйлөшүүлөрдөн улам жакшы жагына чечилди. Шектүү кармалды. Эч ким жабыркаган жок", — деген Чикаго полициясынын кызматкери Том Ахерн.

​Басылманын маалыматына таясак, окуя 13 саатка чукул созулган. Социалдык тармактын бир катар колдонуучулары акциянын демилгечиси Black Lives Matter кыймылынын активисти Эдил Элиев (Eddil Eliev) аттуу жигит экендигин билдиришкен.

Полиция кызматкерлери абалды жөнгө салгыча Trump Tower имаратынын айланасындагы кыймыл токтотулган. Басылма анын тегерек-четине кызыгып келгендердин тобу чогулуп, кээ бирлери "Бэтмен" киносу тартылып жаткан жокпу деген суроолорду да беришкен.

Буга чейин Pledge Times жигиттин курагы 20 жаштын тегерегинде жана ал болжол менен Кыргызстандан экендигин билдирген.

0
Белгилер:
полиция, кыргызстандыктар, Дональд Трамп, АКШ
Тема боюнча
Карантинде Москвадагы мигранттар арасында кылмыштуулук күчөдүбү? Мэрдин жообу