Түн. Ак үйдү алган митингчилер. Асмандан тартылган видео

3628
(жаңыланган 04:22 06.10.2020)
Асмандан тартылган видеодон "Ала-Тоо" аянтында жана Ак үйдө болуп жаткан азыркы окуяларды көрүүгө болот.

Бишкек шаарында митингчилер 6-октябрга оогон түнкү саат 3:00дө Жогорку Кеңештин дарбазасын талкалап, Ак үйгө кирип барды. Болжолдуу маалыматтарга караганда, митингге үч-төрт миңге жакын адам чыккан.

"Ала-Тоо" аянтындагы оппозициялык күчтөр буга чейин Жогорку Кеңештин дарбазасына барып, бирок кире алган эмес. Ошол маалда аларды күч органдары кууганга киришкен.

Ак үй алынды. Бишкекте азыр эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Ак үйгө кирген митингчилер бири-бирине талап-тоноого жол бербөөгө чакырык жасашууда. Бирок киргендер терезелеринен кагаздарды, документтерди сыртка ыргытып жатышат.

3628
Белгилер:
фото, Жогорку Кеңеш, митинг, Ак үй
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Президенттин кабинетинде учурда эмне болуп жатат. Сүрөт
Митингчилер УКМК имаратын да алды. Сүрөт
Алаканга салгандай Ак үй, жабыла кирген митингчилер. Фотофакт
Ак үй алынды. Бишкекте азыр эмне болуп жатат. Сүрөт, видео

Таластын тургуну Кызыл китепке кирген биргазан кармап алды. Видео

117
(жаңыланган 17:53 29.10.2020)
Мамэкотехинспекция браконьерлик кылгандар жазаланарын эскертип, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырды.

Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Кайнар айылынын тургуну тоо этегинен Кызыл китепке кирген кызгылт биргазан (пеликан) канаттуусун кармап алган.

Ал канаттуу уча албай калганын көрүп, 28-октябрда Мамлекеттик экотехинспекциясынын кызматкерлерин чакырган. Андан соң биргазанды Талас облусу боюнча региондор аралык башкармалыгына тапшырган.

"Жаныбарлар дүйнөсү жөнүндө" мыйзамына ылайык, сейрек кездешүүчү кызгылт биргазанды реабилитация кылуу максатында жеринде акт түзүлүп, "Бугу эне" коомдук фондуна өткөрүп берилген.

Кыргызстандагы зоопарктар карантинде кандай күн көрүп жатат

Ошону менен бирге Мамэкотехинспекция мыйзамсыз браконьерлик кылгандар жазага тартыларын эскертип, айлана-чөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырат.

117
Белгилер:
Талас облусу, реабилитациялоо, кармоо, канаттуулар
Тема боюнча
БУУ Кыргызстанда жарадар болгон илбирске жардам бермей болду

Жарык жапырт өчкөндөн кийинки ТЭЦтеги абал. Видео

258
(жаңыланган 15:17 29.10.2020)
Бишкек шаарында болжол менен 13:10дор чамасында Бишкектин бир топ жеринде электр кубаты өчүп калды. ТЭЦтен азыр уюлгуган буу чыгып жатат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы окуя болгон жерден түз эфир кылууда. Азыр борбор калаада жарык берүү жанданып, бирок кайра өчүп калууда.

258
Белгилер:
жарык өчүрүү, ТЭЦ, Бишкек
Тема боюнча
ТЭЦтен катуу үн чыгып, буу чыга баштады. Видео
Медициналык факультеттин студенттери. Архив

Пакистандын кара тизмесиндеги медициналык окуу жайлардын ректорлору эмне дейт

28
(жаңыланган 19:40 29.10.2020)
Пакистан Кыргызстандын бардык медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Үч окуу жайдын ректорлору мындай чечимдин себебин айтып беришти.

Бүгүн Пакистан Кыргызстандын медицина адистерин даярдаган окуу жайларын кара тизмеге киргизгени маалым болду. Өлкө мындай чечимин Кыргызстандан билим алган студенттердин 90 пайызы Пакистандын медицина кеңешинен милдеттүү түрдө каралган экзаменди тапшыра албай, дипломдору таанылбай жатканы менен түшүндүрдү.

Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстан аталган тизмеге билим берүүнүн начар сапатынан улам киргенин боолголоодо. Мындан тышкары, окуу жайлардын басымдуу бөлүгү эл аралык аккредитациядан өткөн эмес.

Sputnik агенттиги бир нече окуу жайдын ректорлору менен байланышып, түзүлгөн кырдаалды түшүндүрүп берүүнү өтүндү.

Министр Пакистандын элчиси менен кара тизмеге кирген ЖОЖдорду талкуулады

КММА

Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясында Пакистандан келген жүздөгөн студент билим алат. Ректор Индира Кудайбергенованын айтымында, алардын саны төрт жыл мурун, өлкөгө комиссия келип кеткенден кийин өскөн.

Профессор, доктор медицинских наук, ректор КГМА Индира Кудайбергенова. Архивное фото
© Фото / пресс-служба КГМА
Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медицина академиясынын ректору Индира Кудайбергенова
"2016-жылы республикага Пакистандан атайын комиссия келген. Ал өлкөнүн төрт окуу жайын талапка жооп берет деп тапкан, анын ичинде Медакадемия да бар. Калганы жактырылган эмес. Бул төрт жылдын ичинде 9-10 медициналык окуу жай ачылып кетти. Чакан өлкөгө мынча медициналык ЖОЖдун эмне кереги бар деген кадыресе суроо туулат", — деди Кудайбергенова.

Ректордун айтымында, кыргызстандык окуу жайлардын айрым бөлүгү чет өлкөлүк студенттерди окута алат, буга бардык шарты бар.

"Менимче, бул жаңылыштык болуп калды. Медиктерди даярдаган окуу жайлардын баарын бир катарга коюп коюшуптур, тизмеге бардык ЖОЖдор кирип калган. Бирок төрт-бешөөнүн чет элдик студенттердин окутууга бардык мүмкүнчүлүгү бар. Биз Пакистандын медицина кеңеши 2016-жылы талапка ылайык келет деп таап кеткен окуу жайларды тизмеден чыгарууну өтүнүп кайрылуу жасадык", — деди Кудайбергенова.

Жетекчи КММАда Сирия, Корея жана башка мамлекеттерден келген студенттер да билим аларын кошумчалады.

Инфекционист, эпидемиолог көздөн учту. Жети дубандын эли кантип дарыланууда

Эл аралык жогорку медицина мектеби (ЭЖММ)

ЭЖММ — Кыргызстандын эл аралык университетинин академиялык консорциумунун структуралык бөлүмү. Студенттердин басымдуу бөлүгү чет өлкөлүктөр. Ректор, профессор Сталбек Ахунбаевдин айтымында, түзүлгөн кырдаал күтүлүп эле келген: биринчи коңгуроо Пакистан медициналык билим берүү маселелери боюнча биргелешкен комиссия түзүп, Кыргызстанга жибергенде эле кагылган.

"Комиссия мүчөлөрүн биздин өлкөдөгү ар бир окуу жай өзүнүн программасы менен иштей турганы, ошондой эле медициналык билим берүүнү тескеген кесипкөй ассоциациянын жоктугу абдан таң калтырган. Ошондон кийин комиссия тааныган төрт окуу жай эл аралык өнөктөштөр менен иштешүүгө ыңгайлуу болушу үчүн ассоциация түзүү чечимин кабыл алган", — деп түшүндүрүп берди Ахунбаев.

Ректордун айтымында, Кыргызстанда билим берүү ишмердүүлүгү үчүн лицензия алуу кыйла жеңил.

"Талап андай катаал эмес, кыска убакытта медиктерди даярдаган көп окуу жайдын ачылып кеткени да ушундан. Азыр мындай окуу жайлардын саны 20га чукулдап калды. Бул чакан мамлекет үчүн өтө көп", — деди жетекчи.

Ахунбаев кара тизме түзүүдө Пакистан окуу жайдын өзүн эмес, жалпы өлкөнү карай турганын белгиледи.

"Кара тизмеге мамлекет кирет. Учурунда пакистандык студенттер үчүн Румыния да "жабылган". Куба да ушундай тагдырга туш болгон", — деди ректор.

Ахунбаевдин баамында, Пакистандын медицина кеңеши Кыргызстанга комиссия жөнөтөт, бирок бул качан ишке ашары белгисиз. Мындан улам министр менен жолуккан ректорлор көйгөйдү чечүү боюнча алгачкы аракеттерин сунушташкан.

"Биз Пакистанга кара тизмени кайра карап чыгууну сунушташыбыз керек экенин, биринчи этабында 2016-жылы талапка жооп берет деген төрт окуу жайды андан чыгаруу керектигин айттык. Экинчиден, окуу жайлардын топторго бөлүп, аталган тизмеден чыгуу жолдорун иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледик", — деди жетекчи.

Венгрия: кыргызстандык студенттерге бекер окуу шарты түзүлдү

"Ала-Тоо" эл аралык университети

"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов окуу жайдын медицина факультети алгачкы студенттерди былтыртан тарта кабыл ала баштаганын билдирди. Анын айтымында, университет дарыгерлерди даярдап чыгара элек, бирок билим алуу үчүн окуу жайда бардык шарт бар.

Ректор международного университета Ала-Тоо доцент, Санжарбек Эрдолатов
© Фото / предоставлено Санжарбеком Эрдолатовым
"Ала-Тоо" эл аралык университетинин ректору, доцент Санжарбек Эрдолатов
"Бул көйгөйдөн чыгып кетерибизге ишенем. Комиссия Кыргызстанга келип, пакистандык студенттерге кайсы окуу жайлар төп келерин аныктап кетсе болот. Биздин окуу жайда эл аралык стандарттарга жооп берген заманбап лаборатория иштейт", — деди ал.

Эрдолатовдун айтымында, Кыргызстанга келген пакистандык студенттер кабылган көйгөйлөрдүн бири — жергиликтүү окутуучулардын англис тилинин деңгээли.

"Пакистандык студенттер окутуучулар тийиштүү деңгээлде англис тилин билбегендиктен да сапаттуу билим ала албай жатышат. Биз, мисалы, лекторлорду башка өлкөлөрдөн чакырабыз", — деди ректор.

Ал айрым учурда чет элдик студенттер билим алуу шарты менен жатакана боюнча да көйгөйгө тушугарын белгиледи.

"Мен студенттерге бирди көрсөтүп, алар келгенден кийин таптакыр башка көрүнүшкө туш болорун уккам. Мисалы, башка жатакананын эле сүрөтүн пайдаланышат да, студент Кыргызстанга келгенден кийин нааразы болот", — деди Эрдолатов.

Ректор учурда билим алып жаткан пакистандык студенттерге окуусун аяктоого мүмкүнчүлүк берүү керек деген пикирин кошумчалады.

28
Белгилер:
кара тизме, медицина, ЖОЖ, окуу жай, Пакистан, Кыргызстан
Тема боюнча
Пакистан Кыргызстандын медициналык окуу жайларын кара тизмеге киргизди. Себеби