Капталы жалбырттап, чатырынан түтүн уюлгуп. Ак үйдөн чыккан өрттүн видеосу

Жазылуу
Бишкекте Ак үй өрттөнүп, тилсиз жоо азыркыга чейин өчүрүлө элек. Учурда өрт өчүргүүчү үч бригада иштеп жатат.

Видеодо көрүнүп тургандай, Жогорку Кеңештин имаратынын үстүнкү кабаты алоолонуп өрттөнүп, чатырынан кара түтүн чыгууда.

Учурда өрт өчүргүүчү үч бригада иштеп жатат. Бир автошаты пайдаланылган.

Эске салсак, 5-октябрь күнү борбор калаада парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, андан соң күч органдары митингчилерди аянттан сүрүп чыгарган. Бирок эл артка чегинбей акыры Ак үйдү алышкан

Жаңылыктар түрмөгү
0