Бийликке жаштардын келишин талап кылган митинг. Видео

440
(жаңыланган 16:57 07.10.2020)
"Ала-Тоо" аянтында кайрадан митинг өтүп жатат. Алар жаштарды бийликке аралаштырууну, президентке импичмент жарыялоону талап кылып жатышат.

Чыгып сүйлөгөндөр шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууда жаштардын ролу зор экендигин айтып, азыркы кызматка келгендерди тааныбайбыз дешти.

Чыккандардын арасында  Жанар Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Тилек Токтогазиев, Максат Мамытканов, дагы бир топ адамдар жүрөт.

Жээнбековго импичмент! "Ала-Тоо" аянтында жаштар митинг өткөрүп жатышат. Сүрөт

Өлкөдөгү акыркы кабарлар туурасында Sputnik Кыргызстан жасап жаткан баяндамадан окуңуз.

Бардык маанилүү жаңылыктар менен Telegram-каналдан таанышып турсаңыз болот.

440
Белгилер:
нааразычылык акциясы, Митинг, парламенттик шайлоо, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Сооронбай Жээнбеков учурда кайсы жакта экени айтылды
Курсан Асанов: элдик кошуун менен жөнөкөй кийинип милиция да жүрдү

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

403
(жаңыланган 11:10 25.10.2020)
Кечээ, 24-октябрда, Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, жеңил салмактагылар арасындагы чемпион Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини жеңип, чемпиондук наамын сактап калды.

Аталган турнирдеги беттештердин эң кызыктуу учурларын UFC Russia YouTube каналына жүктөдү.

Кеченин башкы кармашында Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон, тагыраагы, эки бутун бириктирип туруп, атаандашынын моюнун кысып салган. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

Октагондо россиялык чемпионго сөз берилгенде, ал спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Ал UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Ал эми кеченин дагы бир маанилүү кармаштарында Роберт Уиттакер Жаред Канноньени калыстардын чечими менен Александр Волков Уолт Харристи техникалык нокаут менен жеңген.

Мындан тышкары, UFC уюмунда алгачкы ирет ат салышкан казакстандык спортчу Шавкат Рахмонов бразилиялык Алекс Оливейраны муунтуу ыкмасы менен жеңген.

403
Белгилер:
видео, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды

Исхак Раззаков кандай үйдө жашаган? Музейге айланган жайдын видеосу

343
Бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Согуштан кийинки жылдары Кыргызстандын өсүп-өнүгүп, бутуна турушуна зор салым кошкон айтылуу мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков Бишкекте кандай үйдө жашаганын Sputnik окурмандарга көрсөтүп берет.

Азыр Раззаковдун үй-музейине айланган имарат 1938-жылы жогорку мамлекеттик кызматтагыларга жашап турганга бериле баштаган. Анын ичинде Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен 11 жыл өмүр сүргөн. Андан соң имаратта башка кызматкерлер жашап, кийин Пионерлер үйү, анан бала бакча болгон. Акыркы болуп ПРООН иш кеңсеси катары пайдаланган.

Бишкектеги мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, мындан 15 жыл мурда Раззаков жашаган жерди үй-музейге айландыруу чечими күчүнө кирип, ПРООН кеңсеси башка жакка көчкөн.

"Ошол жылдары үй-музейдин ичин кыска убакытта толтурганбыз. Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира архивдик материалдарды берди, өзүбүз дагы көп жерден издеп жүрүп чогулттук. Бул жактан мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрүн, документтерин, сыйлык, наам, ордендерин, кийим-кече, китеп, буюм-тайымдарын көрүүгө болот", — деди Момаханова.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин үй-музейи коноктор үчүн ачык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.

343
Белгилер:
музей, үй, Исхак Раззаков, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт
Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны
Баткен облусунда чек ара бекетиндеги мунара. Архив

Асманга ок атылды. Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

31
(жаңыланган 19:42 25.10.2020)
Тажик жарандары Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп жатканда кыргыз чек арачылары келип, ишти токтотууну талап кылышкан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Кыргыз-тажик чек арасында чатак чыкканын Мамлекеттик чек ара кызматы кабарлады.

Ага ылайык, бүгүн, 25-октябрда, саат 17:00дөр чамасында тажик жарандары Баткен облусунун Үч-Төбө айылынан чек ара аркылуу жер алдынан суу түтүк өткөрүп башташкан.

"Окуя болгон жерге кыргыз чек арачылары барып, тактала элек аймактагы ишти токтотууну талап кылышкан. Бирок тажик тарап айткандарга баш ийбей, кайым айтышкан. Аскер кызматкерлеринин өмүрүн жана саламаттыгын сактоо максатында, ошондой эле абалдын курчуп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек арачылары эскертүү иретинде асманга ок чыгарууга аргасыз болушту", — деп айтылат маалыматта.

Учурда түтүк өткөрүү иши токтотулду. Эки өлкөнүн чек ара өкүлдөрү сүйлөшүү жүргүзүүдө. Ага жергиликтүү бийлик органдары менен укук коргоо органдарынын өкүлдөрү катышып жатат.
Мамлекетик чек аранын аталган аймагында абал туруктуу деп бааланды.

31
Белгилер:
ок атуу, Жаңжал, Мамлекеттик чек ара кызматы, Тажикстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Кыргыз-өзбек жумушчу тобу чек арадагы чечиле элек тилкелерди карап чыгышты