Бишкектеги түнкү кырдаал. Видео

765
(жаңыланган 09:15 07.10.2020)
Кечээ түнү Ак үйдү басып алган митингчилердин бир бөлүгү дагы деле үйлөрүнө тарай элек. Учурда "Ала-Тоо" аянтында жүздөгөн адамдар чогулуп турат.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин журналисти Бишкек шаарындагы түнкү кырдаалды түз эфир аркылуу көрсөтөт.

Калаада коомдук тартипти сактай турчу милиция кызматкерлери жок, Кайгуул милициясы дагы иштебей жатат. Борбордук аянттын айланасында ар-ар жерде топтошкон балдар жүрөт. Чоң соода борборлорду кайтарууга элдик кошуундар келди.

765
Белгилер:
түз эфир, кырдаал, Бишкек
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Ош шаарында миңдеген адам чогулуп жаңы мэрди алып келүүгө камынууда

15 орундуу санды көбөйтүп, калыстарды таң калтырган Нурболот. Видео

161
(жаңыланган 11:09 26.10.2020)
Жекшемби күнү "Россия 1" телеканалынын "Удивительные люди" деп аталган таланттуу адамдардын сынагына кыргызстандык Нурболот Исматиллаев да катышты.

Анын өнөрү көрсөтүлгөн видео телеканалдын расмий сайтына жайгаштырылган.

Нурболот Исматиллаев 12 жашта. Ал көрүүчүлөргө жана калыстар тобуна спорт-стекинг (стакандардан тездик менен пирамида куруу) көрсөтүп, аны менен катар көп орундуу сандарды көбөйтүп, кошкон.

Андан кийин Нурболотко 15 орундуу санды көбөйтүү тапшырмасы берилген. Башында катышуучу бир аз толкунданып, ал тургай ыйлап жиберген. Бирок алып баруучу ага эс алып алууга мүмкүнчүлүк берген. Бир аз убакыт өткөндөн кийин ал даяр экенин айтып, 6 мүнөт 2 секундда 15 орундуу санды көбөйтүп койгон.

6 жаштагы шахматчы Султай "Лучше всех" шоусуна барып, Галкинди таң калтырган. Видео

Калыстар мындайды биринчи жолу көрүп жатышканын айтышты. Арасынан бирөө 15 орундуу санды телефонуна да терип чыгарып көрүүгө аракет кылган.

Соңунда алар Нурболот Исматиллаевге ийгилик каалап, "Кыргызстанда Нурболоттой балдар бар экени кубандырат" деп айтышкан.

161
Белгилер:
сынак, видео, эсеп, талант, Кыргызстан, Россия
Тема боюнча
Кыргызстандык "калькулятор бала" Россиядагы шоуда элдин оозун ачырды. Видео
Бишкектик окуучу Белоруссиядагы олимпиадада суперчемпион болду

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

570
(жаңыланган 11:10 25.10.2020)
Кечээ, 24-октябрда, Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, жеңил салмактагылар арасындагы чемпион Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини жеңип, чемпиондук наамын сактап калды.

Аталган турнирдеги беттештердин эң кызыктуу учурларын UFC Russia YouTube каналына жүктөдү.

Кеченин башкы кармашында Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон, тагыраагы, эки бутун бириктирип туруп, атаандашынын моюнун кысып салган. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

Октагондо россиялык чемпионго сөз берилгенде, ал спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Ал UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Ал эми кеченин дагы бир маанилүү кармаштарында Роберт Уиттакер Жаред Канноньени калыстардын чечими менен Александр Волков Уолт Харристи техникалык нокаут менен жеңген.

Мындан тышкары, UFC уюмунда алгачкы ирет ат салышкан казакстандык спортчу Шавкат Рахмонов бразилиялык Алекс Оливейраны муунтуу ыкмасы менен жеңген.

570
Белгилер:
видео, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды
Президенттин Иш башкармалыгына жетекчи болуп дайындалган Балбак Түлөбаев. Архив

Балбак Түлөбаев президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп келди

0
(жаңыланган 12:57 26.10.2020)
Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Президенттин иш башкармалыгына жетекчи болуп Балбак Түлөбаев келди. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Түлөбаев өзү билдирди.

“Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан кеттим. Себеби мага башка жумуш сунушталды. Президенттин иш башкармалыгына бармай болдум”, - деди ал.

Түлөбаев 5-октябрдагы элдик толкундоолордон кийин "моралдык укугу жоктугун" айтып, облус башчылык кызматын тапшыруу боюнча арызын жазган. Бирок анын отставкасын эч ким кабыл алган эмес.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

Эске салсак, мындан бир нече ай мурда, тагыраагы, 27-июлда, Түлөбаев өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган эле. Ага чейин Бишкек мэриясынын аппаратын жетектеп турган.

Түлөбаев 2004-2010-жылдары президенттин иш башкармалыгында жетекчинин кеңешчиси жана биринчи орун басар болуп да иштеген.

0
Белгилер:
иш, Балбак Түлөбаев, Кыргызстан
Тема боюнча
Ысык-Көлдө унаа жолун бойлой туристтер үчүн 17 STOP түйүнү курулат
Нариман Түлеев Бишкек мэринин милдетин аткаруучулукка кайтып келди