Качып кеткен Жунушалиев, башчысыз калган милиция. Курсан Асановдун видео маеги

1545
(жаңыланган 00:52 08.10.2020)
Ички иштер министринин убактылуу милдетин аткаруучу жана Бишкек шаарынын коменданты Курсан Асанов Sputnik Кыргызстан агенттигине эксклюзивдүү маек берди.

Ал учурдагы кырдаал, кантип ИИМди жетектеп калганын жана келечек пландары тууралуу маалымат берди.

Ошондой эле Асанов мурдагы ишмердүүлүгү, Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы негизги "катасы" тууралуу ачык айтты.

Милициясыз 2 күн. Курсан Асанов тартип сакчылары эмне кылганын айтып берди

Белгилей кетсек, Курсан Асанов эки күндөн бери ички иштер министринин милдетин убактылуу аткарып жатат. 7-октябрда эртең менен эки күндөн бери ишке чыкпай жаткан милициянын толук курамына коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча инструктаж жыйын өткөрдү.

Учурда милиция штаттык режимде иштеп жатат.

1545
Белгилер:
маек, Курсан Асанов, ИИМ, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Милициясыз 2 күн. Курсан Асанов тартип сакчылары эмне кылганын айтып берди

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

805
(жаңыланган 21:28 28.10.2020)
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин алдында ант беришти.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Алар кызматка киришип жатып ант берүүгө милдеттүү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниетим менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга иш сапар менен кеткендиктен ант берүү аземине катышкан жок.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы парламент колдобой койду. Мындан улам эки министр ант бербей калды.

Соңунда Садыр Жапаров аларга кайрылып, болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

805
Белгилер:
вице-премьер-министр, ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Акылбек Жапаров үч күн таптырбай кайда жүргөнүн айтты

ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган

230
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Комитет анын кызматкерлерден акча алып жаткан учурунун видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, ЖКККББдин жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал — Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

230
Белгилер:
милиция, пара, ЖКККББ
Тема боюнча
ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды
ӨКМ кызматкерлери. Архив

Токмоктун базарында чыккан өрттү толугу менен өчүрүштү

0
(жаңыланган 00:22 29.10.2020)
Токмоктун базарындагы дүкөндөн чыккан жалынды өрт өчүрүүчүлөр болжол менен эки сааттан ашык алышып жатып өчүрүшкөн.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Токмоктогу "Булак" базарынын аймагында эт саткан дүкөндөн чыккан өрттү үч бригада өчүрдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Тилсиз жоо алгач чектөөгө алынып, андан кийин толугу менен саат 23:29да өчүрүлдү", — деп билдирди маалымат кызматы.

Эске салсак, ӨКМге Токмок шаарынын базарындагы дүкөндөрдүн биринен чыккан тилсиз жоо тууралуу маалымат 19:12де түшүп, ал жерге үч бригада жөнөп кеткени кабарланган.

Министрликтен кырсыктан жабыркагандар жок экендигин айтышты. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 600 чарчы метрге жеткен. 

0
Белгилер:
видео, өрт, базар, Токмок, Кыргызстан
Тема боюнча
Ош шаарындагы өрт: эки киши ооруканага түштү