Өкмөт үйүнүн алдындагы топ адамдардын кагылышуусу. Видео

523
(жаңыланган 22:02 07.10.2020)
Өкмөт үйүнүн алдында каршылык акциясы өтүп жатат. Митингчилердин бир бөлүгү Садыр Жапаровду колдосо, башкалары аткаминерлерди люстрациялоону талап кылышууда.

Митинг башталган кезде катышуучулардын бардыгы өкмөт үйүнүн кире беришинде турушкан. Бирок тараптардын пикирлери туура келбегендиктен айрымдары имараттын чыгыш тараптагы эшигине барышты. Алар Садыр Жапаровдун келишине каршы чыккандар болчу.

Кийин Садыр Жапаровдун тарапташтары люстрацияны талап кылгандар жакка барганда эки жаат болуп кагылыша кетишти. Кырдаалды элдик кошуундар жөнгө салууга аракет жасап, эки топту ажыраткан.

Сурабалдиева: ЖК отурумга чогулат, бирок топтошкондордун кысымын каалабайбыз

Бүгүн өкмөт үйүндө Координациялык кеңештин жыйыны өттү. Ага "Замандаш", "Республика", "Социал-демократтар" жана башка партия өкүлдөрү чакырылган. Учурдагы депутаттар Дастан Бекешев, Эльвира Сурабалдиева жана Жанар Акаев легитимдүү өкмөттү түзүү үчүн Жогорку Кеңештин депутаттарын жыйынга чакыртууну сунушташты.

523
Белгилер:
жыйын, парламент, өкмөт
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Курсан Асанов: Кашкар Жунушалиев митингде таш ыргытыла баштаганда качып кеткен
Бишкек мэриясы өз калыбында иштөөдө. Шаар кызматтарынын жумушу сүрөттө
Жээнбеков: саясий туңгуюктан чыгуу үчүн менден талап кылынчу кадамдарга даярмын

Хабиб менен Гэтжи беттешкен UFC 254 турниринин эң кызуу ирмемдери. Видео

315
(жаңыланган 11:10 25.10.2020)
Кечээ, 24-октябрда, Абу-Дабидеги Яс аралында UFC 254 турнири өтүп, жеңил салмактагылар арасындагы чемпион Хабиб Нурмагомедов атаандашы Жастин Гэтжини жеңип, чемпиондук наамын сактап калды.

Аталган турнирдеги беттештердин эң кызыктуу учурларын UFC Russia YouTube каналына жүктөдү.

Кеченин башкы кармашында Хабиб атаандашына үч бурчтук ыкмасын колдонгон, тагыраагы, эки бутун бириктирип туруп, атаандашынын моюнун кысып салган. Гэтжинин эси оогондон кийин рефери беттешти токтотууга аргасыз болгон.

Көз жашын тыя албай... Хабиб жеңишинен кийин октагондо атасын жоктоду. Видео

Октагондо россиялык чемпионго сөз берилгенде, ал спорттук карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. Ал UFC мелдешинде 29 жолу беттешке чыгып, баарын жеңген биринчи мушкер болуп калды.

Ал эми кеченин дагы бир маанилүү кармаштарында Роберт Уиттакер Жаред Канноньени калыстардын чечими менен Александр Волков Уолт Харристи техникалык нокаут менен жеңген.

Мындан тышкары, UFC уюмунда алгачкы ирет ат салышкан казакстандык спортчу Шавкат Рахмонов бразилиялык Алекс Оливейраны муунтуу ыкмасы менен жеңген.

315
Белгилер:
видео, беттешүү, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Хабиб Нурмагомедов эң кымбат спортчулардын ондугунан орун алды

Исхак Раззаков кандай үйдө жашаган? Музейге айланган жайдын видеосу

191
Бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Согуштан кийинки жылдары Кыргызстандын өсүп-өнүгүп, бутуна турушуна зор салым кошкон айтылуу мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаков Бишкекте кандай үйдө жашаганын Sputnik окурмандарга көрсөтүп берет.

Азыр Раззаковдун үй-музейине айланган имарат 1938-жылы жогорку мамлекеттик кызматтагыларга жашап турганга бериле баштаган. Анын ичинде Исхак Раззаков да ушул жерде үй-бүлөсү менен 11 жыл өмүр сүргөн. Андан соң имаратта башка кызматкерлер жашап, кийин Пионерлер үйү, анан бала бакча болгон. Акыркы болуп ПРООН иш кеңсеси катары пайдаланган.

Бишкектеги мемориалдык музейлердин директору Арман Момаханованын айтымында, мындан 15 жыл мурда Раззаков жашаган жерди үй-музейге айландыруу чечими күчүнө кирип, ПРООН кеңсеси башка жакка көчкөн.

"Ошол жылдары үй-музейдин ичин кыска убакытта толтурганбыз. Исхак Раззаковдун Москвада жашаган кызы Элмира архивдик материалдарды берди, өзүбүз дагы көп жерден издеп жүрүп чогулттук. Бул жактан мамлекеттик ишмердин архивдик сүрөттөрүн, документтерин, сыйлык, наам, ордендерин, кийим-кече, китеп, буюм-тайымдарын көрүүгө болот", — деди Момаханова.

Көрүнүктүү мамлекеттик ишмердин үй-музейи коноктор үчүн ачык экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-октябрда, Исхак Раззаковдун 110 жылдыгы белгиленип жатат. Ал 1910-жылы 25-октябрда Лейлек районундагы Коросоң кыштагында төрөлгөн.

Короодо улуган Акбара, саякатчы "Ягуар". Элдар Айтматов атасынын үй-музейин көрсөттү

Раззаков 1945-1950-жылдары Кыргыз ССРинин Министрлер кеңешинин төрагасы, 1950-1961-жылы Кыргыз Коммунисттик Партиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы кызматын аркалап, республиканын өсүп-өнүгүшүнө зор салым кошкон. Ага кийинчерээк "Кыргыз Республикасынын Баатыры" наамы ыйгарылган.

Эмгеги менен эл-жерине таанылган Исхак Раззаков 1979-жылы дүйнөдөн кайтып, Москвадагы Кунцев мүрзөсүнө коюлган. Ал эми 2000-жылы сөөгү борбор калаадагы "Ала-Арча" мамлекеттик көрүстөнүнө көмүлгөн.

191
Белгилер:
музей, үй, Исхак Раззаков, Бишкек, Кыргызстан
Тема боюнча
Автор 30 жыл изилдеген. Исхак Раззаков жөнүндө китеп жарык көрдү. Сүрөт
Раззаков Исхак Раззакович — өмүр баяны
Ак үй. Архив

Садыр Жапаров: Ак үйдү оңдоого 450 млн. эмес, 10 эле млн. сом кетет

160
(жаңыланган 16:45 25.10.2020)
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Ак үйдү оңдоо иштерине 450 миллион сом кетет экен деген маалымат туура эмес. Бул тууралуу Садыр Жапаров Telegram каналы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, 450 миллион сом — бул парламенттик шайлоого жумшалган каражат.

"450 миллион сом Ак үйдү оңдоого кетчү чыгым экен деп адашып айтып жатышат. Имаратты ремонттоого көп каражат кетпейт. Кыдырып баарын көрүп чыктым. 10 миллион сомго жетпеген каражат керектелет. Тапшырмаларды бердим. Жакын арада оңдоо иштери бүтөт", — деп жазды Жапаров.

Эске салсак, буга чейин парламенттин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү, премьер-министрдин коомдук башталыштагы кеңешчиси Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.

160
Белгилер:
ремонт, Акылбек Жапаров, Ак үй, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (463)
Тема боюнча
Депутат: Ак үйдү калыбына келтирүүгө 450 млн. сом керек