Бүгүнкү митингден кийинки Ош шаарындагы кырдаал. Видео

(жаңыланган 20:34 08.10.2020)
Ош шаарында митингдер токтоп, бүгүн кечинде абал тынч. Борбордук аянтта боз үйлөр гана турат. Күч түзүмдөрү катарга тизилип жатат.

Sputnik Кыргызстандын кабарчысы жеринен түз эфир алып берүүдө.

Белгилер:
түз эфир, аянт, Ош шаары
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (470)
Тема боюнча
Ошто Сооронбай Жээнбековду колдогондор митингге чыкты. Сүрөт
Оштогу митинг тарады. Ээн калган аянттын сүрөтү

Толкун менен жарышып сёрфинг тепкен спортчулардын бүйүр кызыткан видеосу

Динамикалуу музыканын ыргагында сёрфинг тепкен спортчулар укмуштуудай трюктарды жасап жатканын көрүүгө болот.

Эки мүнөткө жетпеген видеодо спортчулар океандын толкуну менен жарышкан кереметтүү кадрлар камтылган.

Ролик YouTube компаниясынын расмий баракчасына жарыяланды.

Белгилер:
толкун, спорт, серфинг
Тема боюнча
Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

Болбогон жерден жем болду… Чалынып кетип арстанга кармалган эликтин видеосу

(жаңыланган 16:18 13.04.2021)
Далбас уруп арстандан качкан элик жырткычты кыйла артта калтыргандай болгон. Бирок капыстан аңга түшүп кетип жем болгону видеого түшүп калган.

Кадр Кениянын түштүк-батышындагы Масаи-Мара коругунда тартылганын National Geographic жазды. Бул жаратылыш паркы арстандары менен белгилүү. Анда бул жырткычтын саны 900гө жакын. Аңчылыкка ургаачылары гана чыгат.

Видеодон жаш арстан эликтин артынан түшүп, бирок аны кармоого кокустук гана жардам бергенин көрүүгө болот.

Белгилер:
элик, арстан, Кения
Тема боюнча
Тарбаңдап, улам жакындап. Жаалданган осьминогдун чочуткан видеосу
Бишкек шаарындагы эмен багы. Архив

Шаршембиге карата аба ырайы

Абанын температурасы жогорулаганына жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Шаршембиде күндүз өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй облусунда +19…+24, Талас жергесинде +18…+23, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +20…+25, Ысык-Көл, Нарын өрөөндөрүндө +14…+19 градус жылуу болот.

Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын болбойт. Күндүн табы борбордо +19…+24, Ош шаарында +23…+25 градус болору болжолдонду.

Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Кайра суук болбойбу? Бир жумага карата аба ырайы