Атамбаевдин тарапташтарынын митинги. Видео

629
(жаңыланган 20:42 09.10.2020)
Бүгүн Бишкекте Алмазбек Атамбаевдин тарапташтарынын митинги өтүүдө. Анын саат 11де башталары айтылып, бирок түшкү 14.00гө жылдырылган. Учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин түз алып берүүсүнөн көрүңүздөр.

"Социал-демократтар" партиясынын шайлоо штабынын маалымат катчысы Шаиста Шатманованын айтымына караганда, митингге Алмазбек Атамбаев чыгат.

Элдик толкундоо болуп, митингчилер Ак үйдү алган түнү алар Атамбаевди абактан чыгарышкан.

629
Белгилер:
митинг, Алмазбек Атамбаев
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Кыргызстандын өкмөтү отставкага кетти
Садыр Жапаровду уктук. Оштун мэри кызматка кантип кайтканын айтты. Видео

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

125
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

125
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

299
(жаңыланган 14:28 19.10.2020)
Жеринде куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп жатат.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де бир өрт куткаруу бөлүмү, 10:35те экинчиси тартылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын билдиришинче, саат 10:15тер чамасында Ала-Бука районунун Иштамберди аймагында иштеп жаткан Full Gold Mining (Фул Голд Майнинг) ишканасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда 30дан ашуун кызматкер куткаруучулар менен биргеликте өрттү өчүрүү менен алек.

"Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан. Цианид же химиялык зат күйүп жатат деген божомол чындыкка дал келбейт. ӨКМдин өрт боюнча чыгарган жыйынтыгы менен гана калган жагдайлар белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

ӨКМ алтын-кен ишканасына таандык имараттан чыккан өрт саат 12:30да чектөөгө алынганын билдирди. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылууда.

299
Белгилер:
өрт, алтын кени, ӨКМ, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты
Экс-президент Сооронбай Жээнбеков. Архив

Жээнбеков жоюп кеткен Антикоррупциялык кызматты Жапаров жандантты

133
(жаңыланган 22:30 20.10.2020)
Жаңы жарлыктын негизинде Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулуп жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды. 

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ишин жандандыруу боюнча жарлыкка кол койду. Бул туурасында президенттик аппарат билдирди.

Белгилей кетсек, экс-президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетип жатып аталган кызматты жоюу туурасында жарлыкка кол койгон

Жапаровдун чыгарган жарлыгына ылайык, Жээнбековдун жарлыгынын колдонулушу токтотулду жана кабыл алынган күндөн тартып күчүн жоготту деп табылды.

Буга байланыштуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Антикоррупциялык кызматынын иши улантылат.

УКМКга төмөнкүдөй тапшырмалар берилди:

  • Антикоррупциялык кызматтын иштөөсүн камсыз кылсын;
  • Антикоррупциялык кызматтын мындан аркы ишин оптималдаштыруу боюнча сунуштарды киргизсин.

Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

133
Белгилер:
кызмат, коррупция, жарлык, Садыр Жапаров, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Экс-президент макамы Жээнбековго кандай артыкчылык берет? Тизме
Жээнбеков расмий түрдө экс-президент болду. Жапаровдун биринчи жарлыгы