Садыр Жапаров маалымат жыйыны. Видео

726
(жаңыланган 20:11 10.10.2020)
Садыр Жапаров бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан бир добуштан премьер-министр болуп бекиди.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары премьер-министрликке Садыр Жапаровду бир добуштан колдоп, курамын, структурасын бекитип беришти. Жыйын "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өттү.

Жаңы өкмөт башчы ошол эле жерде маалымат жыйын өткөрүүдө.

726
Белгилер:
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы, жыйын, маалымат, Садыр Жапаров
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (461)
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду премьер-министр кылып бекитти
УКМК Курсан Асановду дагы кармады

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

239
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

239
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

1339
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

1339
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео
Россия президенти Владимир Путин

Владимир Путин алгачкы жолу Кыргызстандагы абал тууралуу пикирин айтты

8
(жаңыланган 23:58 22.10.2020)
Россия лидери постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө кылдаттык менен мамиле кылууга чакырды.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Мындай пикирин Россия президенти Владимир Путин "Валдай" эл аралык дискуссия клубунун 17-жыйынында сүйлөп жатып айтты.

"Кыргызстанда болуп жаткан нерселер — кыргыз элине түшкөн мүшкүл. Шайлоолордун арты менен элдик толкундоо келет. Бул эмнеден кабар берет? Көптөгөн өлкөлөр өз мамлекеттүүлүгүнө жаңыдан кадам таштап жатат. Андыктан мен кесиптештериме постсоветтик өлкөлөрдүн калыптанып келе жаткан мамлекеттүүлүгүнө  кылдаттык менен мамиле кылууну айтып келем. Бул өлкөлөрдөгү  суверенитеттин калыптанып келе жаткан институттарын бузуп албаш үчүн кеп-кеңештерди айтып ички иштерине кийлигишпөө керек. Эл өз коомунун ичиндеги мамилени өзү калыпка салышы зарыл”, — деди Путин.

Токаев: Кыргызстандагы абалдын турукташуусуна кубанып жатам

Ошондой эле ал Россия Кыргызстан бутуна туруп кетишине жардам берүү үчүн көп нерсе кылганын, кыргыз экономикасына жана башка тармактарына жүз миллиондогон каражаттарды бөлгөнүн айтты.

“Албетте, биз санаа тартпай коё албайбыз. Бирок биз кеңеш берип же кайсы бир саясий күчкө насаатчы болгон жокпуз.  Кыргызстанда абал тез арада турукташып, эки элдин достук мамилеси сакталып калат деп үмүт кылам”, — деди Россия лидери.

Ошондой эле ал мурдагы СССРдин курамына кирген өлкөлөрдүн элдери менен көптөгөн жылдар бою бир мамлекеттин алкагында жашагандыктан, ар тараптан жакындыктар бар экенин кошумчалады.

8
Белгилер:
пикир, Владимир Путин, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин Коопсуздук кеңеши менен Кыргызстандагы кырдаалды талкуулады