Саясатты токтотуп, ишке өтөлү! Президент Жээнбековдун кайрылуусу видеодо

Жазылуу
Ушу тапта "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кезексиз жыйынга чогулууда. Аны утурлай Жээнбеков элге кайрылуу жасады.

Президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министрдин кызмат ордунун легитимдүүлүгүнө байланыштуу кыргызстандыктарга видео кайрылуу жасап, анда саясаттан оолактап, ишке өтүү зарылдыгын белгиледи.

Өлкө башчынын кайрылуусу КР президентинин YouTube барачасына жүктөлдү.

"Өлкөдө абал тынч болуусу жана өкмөттү башка мамлекеттер таануусу үчүн өкмөт башчынын талапкерлигин мыйзамды кынтыксыз сактоо менен бекитүү зарыл. Саясатты токтотуп, ишке өтөлү. Күндөн-күнгө коронавирус пандемиясы күчөп жатат. Кылычын сүйрөп кыш келип калды. Балдарыбыз мектепке тынч барып, окушу керек. Бизнестин ишин камсыздайлы. Талаш-тартышка убакыт жок", — деди президент.

Мындан тышкары, өлкө башчы Кыргызстан укуктук өлкө экенин айтып, маселелер күч менен эмес, мыйзам алкагында чечилиши керектигин кошумчалады.

Ушу тапта "Ала-Арча" резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттары кайрадан кезексиз жыйынга чогулууда.

Эл өкүлдөрү кандай чечим кабыл алып, эмне болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билсеңиз болот.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0