Өкмөт башчы Садыр Жапаровдун маалымат жыйыны. Видео

534
(жаңыланган 16:53 14.10.2020)
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңештин депутаттарынын кезексиз жыйыны өттү. Күн тартибине өкмөттүн курамын дайындоо маселеси коюлган.

Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары Садыр Жапаровду Кыргызстандын премьер-министри кылып бекитип беришти. Андан кийин Жапаров журналисттерге маалымат жыйын куруп жатат.

534
Белгилер:
премьер-министр, Садыр Жапаров, Кыргызстан
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (464)
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровду өкмөт башчылыкка бекитти

Жапаров менен өкмөттүн 19 мүчөсү бир мүнөттө ант берсе кандай болмок. Видео

967
(жаңыланган 21:28 28.10.2020)
Премьер-министр Садыр Жапаров жана жаңыдан дайындалган өкмөт мүчөлөрү Жогорку Кеңештин депутаттарынын жана элдин алдында ант беришти.

КР өкмөтүнүн 22 мүчөсү бар: премьер-министр, үч вице-премьер, 12 министр, төрт мамлекеттик комитеттин башчысы жана министр рангындагы өкмөттүн аппарат жетекчиси. Алар кызматка киришип жатып ант берүүгө милдеттүү.

"Кызматка киришип жатып, өз элимдин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана президентинин алдында КР Конституциясын жана анын мыйзамдарын ыйык сактоого, өз милдеттеримди ак ниетим менен берилип аткарууга, Кыргызстан элинин алдында кызмат кылууга ант беремин! Берген антымды бузган учурда КР мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартууга даярмын", — дешти өкмөт мүчөлөрү.

Шашкалактаган, кайра кайталаган министрлер. Өкмөт мүчөлөрүнүн ант берген сүрөттөрү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Нур-Султанга иш сапар менен кеткендиктен ант берүү аземине катышкан жок.

Ал эми эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри кызматына Аида Исмаилованы парламент колдобой койду. Мындан улам эки министр ант бербей калды.

Соңунда Садыр Жапаров аларга кайрылып, болгон билим, тажрыйбасын өлкөнү өнүктүрүүгө, абалды турукташтырууга жумшоого чакырды. Ошондой эле Конституциялык реформаларды бир адамдын эмес, жалпы элдин кызыкчылыгы үчүн жүргүзүүгө жардам берерине ишеним артты.

967
Белгилер:
вице-премьер-министр, ант берүү, өкмөт, Садыр Жапаров
Тема боюнча
Садыр Жапаров депутаттардын алдында ант берди. Видео
Акылбек Жапаров үч күн таптырбай кайда жүргөнүн айтты

ЖКККББдин жетекчи орун басарынын пара алып жаткан учуру видеого түшүп калган

272
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин "Пара алуу" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчисинин орун басары С.Н.Р. кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты.

Комитет анын кызматкерлерден акча алып жаткан учурунун видеосун жарыялады.

Маалыматка караганда, ЖКККББдин жетекчилик кызматтагы адамдары сый акы алганы боюнча коррупциялык схема аныкталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаев бошотулат деген кептерге жооп кайтарды

Ведомстводо мындай инициалдарга туура келген бир эле орун басар бар. Ал — Сатыбалдиев Нур Рысканович. Сатыбалдиев бир жыл мурун Бишкекте түзүлгөн Кайгуул күзөт милициясына адамдарды жумушка алууда акча алып турган деп шектелип жатат.

Мындан сырткары, ал иштеп жаткан милиционерлерди кызматынан көтөрүү үчүн пара алып турганы кабарланды.

Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилип, Кылмыш-жаза кодексинин 325-беренеси ("Пара алуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

272
Белгилер:
милиция, пара, ЖКККББ
Тема боюнча
ЖКККББнын жетекчи орун басары коррупцияга шектелип кармалды
В Иссык-Кульской областной объединенной больнице сдали в эксплуатацию новый инфекционный госпиталь на 35 коек, 25 из которых будут палатами интенсивной терапии.

Бишкекте COVID жуктургандар кайсы ооруканага бара алат? Тизме

0
Кечээги күнгө салыштырмалуу ооруканалардагы орундар азайып баратат. Кээ бир стационарларда бейтаптар толуп калгандыктан, жата турган жер жок.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы ооруканаларда коронавируска кабылгандарды жаткыруу үчүн 66 бош орун бар. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Маалымат 28-октябрь күнү саат 8:00гө карата берилди.

Коронавирус дагы 522 кишиден табылып, бир бейтап көз жумду

  • Кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы — 2;
  • Улуттук фтизиатрия борбору — 8;
  • Улуттук хирургия борбору — 6;
  • Улуттук госпиталь — 0;
  • Улуттук кардиология жана терапия борбору — 18;
  • №1 шаардык клиникалык ооруканасы — 0;
  • Республикалык жугуштуу илдеттер ооруканасы — 2;
  • Темир жол ооруканасы — 0;
  • Эне жана баланы коргоо улуттук борбору — 10;
  • Улуттук онкология жана гематология ооруканасы — 3;
  • №2 клиникалык төрөт үйү — 17.

Кошумча маалыматты стационарлардын картасында көрсөтүлгөн номерлер аркылуу тактоого болот.

Бишкек коронавирус оорукана стационар бейтап

0
Тема боюнча
Оштогу жаңы оорукана ноябрдан тарта COVID жуктургандарды дарылай баштайт. Сүрөт