Аскерлер тартылган "Ала-Арча" резиденциясынын айланасындагы абал. Видео

(жаңыланган 20:09 15.10.2020)
Куралдуу күчтөр мамлекеттик резиденциянын жанында чогулду. Ал эми андан анча алыс эмес жердеги "Ысык-Көл" мейманканасынын алдына президент Сооронбай Жээнбековдун отставкасын талап кылгандар турат.

Sputnik Кыргызстан резиденциянын айланасындагы кырдаалды түз эфирден көрсөтөт.

Белгилер:
түз эфир, кырдаал, резиденция
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (470)
Тема боюнча
УКМК президент Жээнбековдун сүйлөшүүсү делген аудио боюнча үн катты
Канат Исаев кылмыштуу топко акча таратып жатабы? Видео качан тартылган
Кеңешбек Дүйшөбаев Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп дайындалды

Атаандаштарын ары-бери тоголотуп. Айперинин беттештеги видеосу

(жаңыланган 23:05 10.04.2021)
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.

Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулган квалификациялык Азия мелдешинде бардык атаандашын 10 упай айырмасында утуп, чемпион болду. Айлампа системасы менен өткөн жарыштын төртүнчү бөлүгүндө монгол балбаны Бурмаа Очибатты утууга болгону бир жарым мүнөт керектелди.

Айпери кыздар күрөшүнүн эң оор, 76 килограмм салмакта күч сынашты. Үчүнчү турда индиялык балбан кыз Пуджа Пуджа менен кез келип, аны 10:0 эсебинде утту.

Экинчи айлампада болсо өзбекстандык Шахрибону Эллиеваны 10:0 менен жеңип алды. Бул үчүн кыргыз кызына 50 гана секунда жетиштүү болду.

Ал эми эң биринчи беттешинде Медет кызы кореялык спортчу Соён Чон менен кармашып, адегенде бир упай алдырган. Кийин эки жарым мүнөттө эсепти 12:1ге айландырып салды. 

Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында өттү.

68 килограмм салмакта күч сынашкан Мээрим Жуманазарова финалда кытайлык Фэн Чжоу менен таймашып, упай айырмасында жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ал эми 57 килограммда күрөшкөн Назира Марсбек кызы эки жолу удаасы менен жеңилип, байгелүү орун үчүн таймашуу укугунан четтеп калды.

Белгилер:
Айпери Медет кызы, күрөш, мелдеш, Олимпиадалык оюндар, лицензия
Тема боюнча
Мушкер Канат Келдибеков ACA уюмунда беттешке чыгат
Айпери Медет кызы Кыргызстандын капчыгына коло медаль алып келди

Спецназ Бишкектеги түнкү клубда атайын операция жасады. Видео

(жаңыланган 14:26 10.04.2021)
Спецназ менен наркозаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрү Бишкектин түнкү клубдарынын биринде атайын операция жүргүзүштү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Министрликтен билдиришкендей, клубдагы диджей баңгизатты сатуу боюнча туруктуу канал уюштурганы тууралуу маалымат түшкөн. Мындан улам түнкү клубга атайын операция жасалып, тинтүү жүргөн.

Анын жыйынтыгы менен аталган мекеменин кызматкери, 30 жаштагы чет элдик жаран кармалды. Аны текшерүүгө алганда шымынын чөнтөгүнөн гашиш табылган. Ал эми анын бөлмөсүн тинтүү учурунда да шкафтан баңгизат чыккан.

Учурда бул ишке тиешеси бар делген дагы башка шектүүлөр изделип жатат.

Белгилер:
Бишкек, түнкү клуб, атайын операция, ИИМ, спецназ, баңгизат
Тема боюнча
11 спецназдан айрылган. Кыргыз милициясынын "Шумкары" тууралуу эмне белгилүү
Шигаев: баңгизат жөнүндө мыйзамдын жаңы редакциясы түзүлүүдө