Эски аянтта Жогорку Кеңештин тарашын талап кылган митинг өтүүдө. Видео

253
(жаңыланган 23:32 15.10.2020)
Митингге чыккандар Жогорку Кеңешти тарасын деген талап коюп жатышат. Аларга Садыр Жапаров чыгары күтүлүүдө.

Эски аянтта жайгашкан Өкмөт үйүнүн алдында парламенттин таркатылышын талап кылган элдин митинги өтүүдө.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен "Ысык-Көл" мейманканасынын алдында да президенттин отставкасын талап кылган митинг өткөн. Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетерин жарыялаган соң алар Жогорку Кеңештин төрагасы Канат Исаевдин отставкасы менен ЖКнын таратылышын талап кыла башташкан.
Кечинде эски аянтка келишкен. Аларга Садыр Жапаровдун чыгары күтүлүүдө.

253
Белгилер:
Канатбек Исаев, отставка, митинг, Жогорку Кеңеш
Тема:
Парламенттик шайлоодон кийинки окуялар (459)
Тема боюнча
Өзбекстандын премьер-министри телефон чалып, Садыр Жапаровду куттуктады
Башаламандыктан кийинки Ак үйдүн 7-кабаты. Видео

Ала-Букадагы алтын кен ишканасында өрт чыкты. Видео

245
(жаңыланган 14:28 19.10.2020)
Жеринде куткаруучулардын эки тобу иштеп жатат. Милициянын алдын ала маалыматы боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан.

Жалал-Абаддын Ала-Бука районундагы алтын кен ишканасынын имаратында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуянын видеосун социалдык тармактын колдонуучулары жүктөп жатат.

Тилсиз жоону өчүрүүгө саат 10:22де бир өрт куткаруу бөлүмү, 10:35те экинчиси тартылган.

Ал эми Жалал-Абад облустук милициясынын билдиришинче, саат 10:15тер чамасында Ала-Бука районунун Иштамберди аймагында иштеп жаткан Full Gold Mining (Фул Голд Майнинг) ишканасында өрт чыккандыгы боюнча маалымат келип түшкөн.

Учурда 30дан ашуун кызматкер куткаруучулар менен биргеликте өрттү өчүрүү менен алек.

"Алдын ала маалымат боюнча, өрт ширетүү иштеринен келип чыккан. Цианид же химиялык зат күйүп жатат деген божомол чындыкка дал келбейт. ӨКМдин өрт боюнча чыгарган жыйынтыгы менен гана калган жагдайлар белгилүү болот", — деп айтылат маалыматта.

Бишкектин чок ортосунда кийим саткан дүкөн өрттөнүп кетти. Видео

ӨКМ алтын-кен ишканасына таандык имараттан чыккан өрт саат 12:30да чектөөгө алынганын билдирди. Учурда өрттү толук өчүрүү иш-чаралары улантылууда.

245
Белгилер:
өрт, алтын кени, ӨКМ, Жалал-Абад облусу
Тема боюнча
Кадамжайдагы үйдөн өрт чыгып, бир киши каза тапты

Түркия жаңы аскер техникасын "Тулпар" деп атады. Видео

266
(жаңыланган 11:04 19.10.2020)
Tulpar согуштук техникасын атайын даярдыктагы аскерлер жана жөө аскерлер пайдаланат. Жаңы муундун машинасы ыкчамдыгы менен айырмаланары айтылды.

Түркия жаңы чыгарган жөө аскерлер техникасына Tulpar (“Тулпар”) деген аталыш ыйгарды. Бул тууралуу аталган аскердик техниканы чыгарып жаткан Otokar компаниясынын башкы директору Сердар Гергүч “Анадолу” агенттигине берген маегинде билдирген. 

Сердар Гергүч аскердик техника “Манас” эпосундагы жоокерге жан жолдош болгон жылкы баласынын урматына коюлганын белгиледи.

Анын айтымында, жаңы техника Түндүк атлантикалык альянстын (НАТО ) стандарттарынын негизинде сыноодон ийгиликтүү өтүп, учурда Түркия президентинин администрациясынын коргонуу өнөр жайы башкармалыгынын колдоосу менен чыгарууга даяр турат.

Россия Канттагы базага абадагы кол салуудан коргонуучу техника орнотмокчу

“Бул аскер машинасы акыркы технологияларды колдонуу менен чыгарылган. Ал эң татаал климаттык шарттагы сыноолордон өткөн. Жаңы муундун техникасы ыкчамдыгы жана ок атуу артыкчылыгы менен айырмаланат. Учурда аны көп санда чыгарууга толук даярбыз. Бул Түркиянын жеке өзү чыгарган алгачкы аскердик техникасы”, — деген Гергүч.

Tulpar машинасын атайын даярдыктагы аскерлер жана жөө аскерлер пайдаланат. 

266
Белгилер:
аскердик-техника, Манас эпосу, Түркия
Тема боюнча
Кыргызстан "Танк биатлонуна" катышты. Видео
Отоларинголог кызмат убагында. Архивдик сүрөт

Бир гана коронавирустан эмес! Жыт сезбей калуунун себептери

0
Дарыгер эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Коронавирус инфекциясын жуктурган учурда гана жыт билбей калат деген түшүнүк туура эмес экенин Sputnik радиосуна отоларинголог, медицина илимдеринин кандидаты Владимир Зайцев айтып берди.

Адистин билдиришинче, жыт билүүнүн жоголушу бир нече оорудан кабар бериши мүмкүн.

"Мурун көңдөйүнө суук тийгенде, мисалы, курч же өнөкөт ринитте, дем алуу жолунун былжыр чели менен көңдөйү сезгенген учурда жыт сезгичтердин кабыл алуусу алгач төмөндөп, андан кийин таптакыр жоголуп кетет", — деди адис.

Коронавирустун мээ менен нерв системасына тийгизген таасири ачыкталды

Отоларинголог учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу жыт билүү жоголуп, даам дагы сезилбей жатса тезинен медициналык жардам алууга чакырган. Ошондой эле өз алдынча дарылануудан оолак болууну айткан.

0
Белгилер:
оору, мурун, коронавирус
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Кулактан дагы кармайт. Коронавирустун жаңы симптому белгилүү болду
Бейтап СOVID же КРВИге чалдыкканын кантип билет. Дарыгердин аныктамасы