Садыр Жапаров негизги максаты жана өлкөнү өзгөртүү планы боюнча айтып берди. Видео

718
(жаңыланган 11:21 17.10.2020)
Премьер-министр жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кыргызстандыктарга негизги максаты жана өлкөнү өнүктүрүү пландары тууралуу айтып, элге кайрылуу жасады. 

Ал өкмөттүн социалдык тармактагы баракчасына жарыяланды. Жапаров биринчи кезекте коррупция менен криминалга каршы катуу күрөш жүргүзөрүн баса белгилеген.

Sputnik Кыргызстан анын кайрылуусундагы маанилүү учурларын тизмектейт:

  • 2020-жылдын 4-октябрында тарыхый шайлоо өткөрүлүшү керек эле. Тилекке каршы, элдин үнү бийликке жетпес болду. Элдин тилеги, жаштарыбыздын үмүтү уурдалды;
  • Бул жеңиш – жалпы Кыргызстан элинин ынтымагынын жеңиши. Эл биримдиги сакталып калды. Баарыбызды жеңишибиз менен чын дилимден куттуктайм;
  • Мен саясатчыларга жана саясий партияларга кайрыларым:
  • Бүгүн биз өлкөнү түндүк-түштүк, уруу-уруу, айыл-айыл же тууган-туушкан деп бөлбөй жашайлы;
  • Менин башкы максатым – өлкөдө адилеттүүлүктү орнотуу, коррупция менен реалдуу күрөшүү;
  • Мындан ары коррупция менен күрөшүү – саясий оппоненттердин көзүн тазалоонун инструменти болбойт. Саясий куугунтук дегенди менден ашык жон териси менен сезген саясатчы жоктур;
  • Соттук өзүм билемдикке жана мыйзамсыздыкка чекит коюлат. Соттук реформалар мындан ары президенттик аппарат тарабынан эмес, коомчулуктун көзөмөлүндө жүргүзүлөт; 
  • 700 миллион долларды Кыргызстандан чыгарып кетүү боюнча шектелген Матраимовдор жана башка схемалуу коррупцияларды түзүп, элдин ырыскысына кол салган коррупционерлерди катаал жазага тартабыз;
  • Кылмыш дүйнөсү өзүнүкүн диктовка кылганды токтотот деп кепилдик берем. Буга чейин айрым аймактарда бизнестин иштеши үчүн криминалдын  уруксаты керек болчу. Бул мезгил артта калды! Ишкерлер менен инвесторлорго өзгөчө шарттар түзүлөт;
  • Жакынкы жылдары өлкөбүздүн саясатын аныктай турган жаштар болот. Биз силер менен биргеликте кадр саясатын өзгөртөбүз;
  • Президенттин жана өкмөттүн аппаратында катуу өзгөрүүлөр, оптималдаштыруулар болот;
  • Биринчи кезекте пандемия маалында эл жакындарынан айрылып жатканда пайдасы тийбеген кредиттерге кайра текшерүү жүргүзөбүз;
  • Биз мамлекеттин стратегиялык өнөктөштөрүнүн арасында алган кадыр-баркын туруктуу сактап калуунун жана аны өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзөбүз;
  • Мен да силердин уулуңармын. Мен да карапайым үй-бүлөдөн чыккан баламын. Системаны толугу менен өзгөртөм. Ал үчүн мага колдоо керек! Эч качан жалгыз дарак токой болбойт. Дагы бир жолу элиме башымды ийип таазим этем!
718
Белгилер:
Садыр Жапаров, Кыргызстан, күрөш, кайрылуу
Тема боюнча
Жээнбеков бийликти кантип өткөрүп берди? Тарыхый окуянын ирмемдери
Садыр Жапаров билдирүү таратып, жаштарга убада берди

Жапаров премьерге кеңешчи болгонун айтса, Бакиров какшыктап күлкүгө салды. Видео

194
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров өкмөт башчыга кеңешчи болгонун уккан вице-спикер Мирлан Бакиров аны какшыктап, депутаттарды күлкүгө салды.

Парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдырууну демилгелеген депутат Акылбек Жапаров мыйзам долбоорун тааныштырып жатып, премьер-министр, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровго кеңешчи болгонун айтты.

Андан соң Мирлан Бакиров аны бул кызматка барышы менен куттуктады.

Депутаттар кийинки парламенттик шайлоого чейин маяна албай иштей турган болушту

Буга Жапаров коомдук башталыштагы кеңешчи экенин, ал жактан акча албай турганын белгиледи.

Бакиров андан ары сөзүн улап, ал мурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевге дагы кеңешчи болгонун эскертти.

“Абылгазиев менин кеңешимди укканда отставкага кетмек эмес жана президент үч жылда ыйгарым укуктарын тапшырмак эмес. Азыркы премьер угам деп жатат, ошол үчүн бардым”, — деп жооп кайтарды Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңеште парламенттик шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу мыйзамы кабыл алынды. Ага ылайык, кийинки шайлоо 2021-жылдын 1-июнуна чейин уюштурулушу керек.

194
Белгилер:
күлкү, депутат, Акылбек Жапаров, Мирлан Бакиров
Тема боюнча
Сулайманов: толкуган жаштар 120 депутатты да кошуп кууса болмок экен
Тилинен көп жаңылган "элита". Азыркы депутаттарды унуттурбай турган 10 факты
"Тукумдан кыр издебегиле". Бакиров кызыл чеке болгон депутаттарды күлкүгө салды

Автомат менен кирип, колуна кишен кийгизип. Камчы Көлбаевди кармаган видео

1331
(жаңыланган 16:35 22.10.2020)
Көлбаевге карата Жазык кодексинин "Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу" боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди колго түшүргөн учурдун видеосун жарыялады.

Эске салсак, бүгүн, 22-октябрда, Бишкектеги спорт клубдардын биринен Камчы Көлбаев кармалып, УКМКга алып келинген.

Ага карата Жазык кодексинин 249-беренеси ("Кылмыштуу уюмду түзүү же ага катышуу") боюнча кылмыш иши козголуп, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

1331
Белгилер:
кримавторитет, Камчы Көлбаев
Тема боюнча
УКМК Камчы Көлбаев кайсы кылмышы үчүн кармалганын айтты
Камчы Көлбаев кармалды
Спецназдын Ошто кримтөбөлдү кармаган учуру. Видео
Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров

Садыр Жапаров ЖК кабыл алган шайлоо тууралуу конституциялык мыйзамга кол койду

25
(жаңыланган 23:37 22.10.2020)
Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” КР конституциялык мыйзамынын айрым ченемдерин колдонууну токтото туруу жөнүндө” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мыйзам бүгүн, 22-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.

Өзгөртүүлөргө ылайык, “Кыргыз Республикасынын президентин жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө” мыйзамдын 38 жана 63-беренелеринин колдонулушун токтото туруу каралган. Тагыраагы, конституциялык реформаны өткөрүү аяктаганга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоону өткөрүүнү токтото туруу тартиби регламенттелген.

Президенттик шайлоонун мөөнөтү жылдыбы? Түшүндүрмө

Бирок шайлоо 2021-жылдын 1-июнунан кеч эмес дайындалат деп айтылган.

Бул конституциялык мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет жана конституциялык реформа аяктаганга чейин колдонулат.

25
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, шайлоо, мыйзам, Кыргызстан
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
Жогорку Кеңеш шайлоо босогосун азайтуу мыйзам долбоорун кабыл алды